Башкы беткеКоомЖасалма интеллектти биз башкарбасак, ал бизди башкарат

Жасалма интеллектти биз башкарбасак, ал бизди башкарат

Адамдын колунан чыккан оокат адамзатты башкарабы,  деп жазды эле “Кыргыз Туусу” былтыр (№ 18, 11.03.2025).

Интеллектуалдардын быйыл июнь айында өткөн Ысык-Көл эл аралык форумунда да технологиялык прогресс жана анын адамзатка, дүйнөгө таасири болжоого кыйын экени белгиленди. Ошол форумда жасалма интеллекти колдонуу эрежелери жана тартиби боюнча эл аралык конвенция зарылдыгы белгиленди. Жасалма интеллекттин абдан тез өнүгүп, жашоо-турмуштун бардын чөйрөсүнө сиңип, баардык процесске кийлигише баштаганы келечектеги натыйжасы тууралуу суроону кабыргасынан койду.  баратат. Бүгүн ЖИ эсептик технологияларга ээлик кыла баштады, финансылык, башкаруу жана маалымат ресурстарына чырмалышты. Маалыматтарды сактап, топтоп жана иштеп чыгуучу борборлорго жана санарип технологиялык компанияларга инвестициялар рекорддук чектен эселеп ашты. Бул тармактагы лидерлердин капиталдык салымдары  4–5 трлн доллардан эбак ашты. Бул сумма дүйнөдөгү өлкөлөрдүн ИДП караганда алда канча көп. Туура. Адамзат технологияны тынымсыз өнүктүрүп, функцияларын адамдын колунан чыккан буюмдарга жүктөп келген. Бирок адам баласы буга чейин когнитивдик милдеттерин башкага ыйгарган эмес. Израилдик чоң окумуштуу Юваль Ной Харари жакында Оксфорддо “ЖИ адамзат цивилизациясынын кодун бузууда” деген баяндама жасады. Адамзат тууралуу эң белгилүү изилдөөлөрдүн авторунун айрым тезистери кооптуу.

  • ЖИ – адамдын колундагы аспап болуудан кала баштады, ал өз бетинче алгоритм менен иштеп, өзү жаңы нерселерди жасоого жөндөмдүү субъекттке айланууда;
  • Бюрократия – ЖИ жашоосуна эң ыңгайлуу чөйрө;
  • ЖИ пайда болушу Жердеги атмосфераны кескин өзгөртүп, жашоонун жаңы формаларын жараткан “кычкылтек катастрофасына” тете көрүнүш. Адамдар түзгөн тексттер, нерселер жана бюрократиялык процесстер ЖИ табигый жашоо мейкиндиги;
  • ЖИ үчүн бюрократия аба менен суудай зарыл нерсе. Адамдар өздөру жараткан бюрократиядан тажап, ал процессти ЖИ колуна бере баштады. Адамдан айырмаланып, ЖИ бардык мыйзамдарды, эрежелерди жана тексттерди жатка билет, эринбей издеп табат, каалаган тилге өзү каалагандай которо алат;
  • ЖИ фантастикалык фильмдердеги “роботтордун козголоңу” менен коркунучтуу эмес. ЖИ көтөрүлүш чыгарбайт, ал бюрократиялык системаларды акырындап ээлеп алат, коомдогу жана табияттагы коммуникацияны жана ишенимди башкара баштайт. ЖИ дүйнөнү башкарууга керек болгон ресурстарга улам барган сайын көбүрөөк ээлике кылууда;
  • ЖИ чечимдерди кабыл алуу процесстерин өз колуна ала баштайт, банктар, мамлекеттик органдар, компаниялар бири бири жана коом менен адам аркылуу эмес, жасалма интеллект жараткан программалар аркылуу байланышып, чечим кабыл алууда ЖИ иштеп чыккан жана анын колунан өткөн маалыматтарга таянат. Адам чечим кабыл алуу процессинен бара-бара четтетилет.

ЖИнин ролунун өсүшү, жашоо мейкиндигинин кеңейиши жана адамга таандык иштерден адамдын өзүн сүрүп чыгарышынын кесепети  белгисиз. Бирок Юваль Харари төмөнкүдөй натыйжаларды белгилейт:

  • адамдын адамга ишеними жоголуп, бир гана алгоритмге ишене баштайт;
  • чечүүчү функцияларды ээлеп алган соң ЖИ банк кредиттерин берет, университетке кабыл алат, окуудан чыгарат, жаза мөөнөтүн аныктайт жана аскерий операцияларды өз бетинче жүргүзө баштайт;
  • ЖИ адамдар ортосундагы мамилени аныктайт, анткени 2026-жылы төрөгөн наристе убактысынын көбүн ата-энеге караганда, ЖИ менен көбүрөөк өткөрөт, баланын биринчи мугалими, досу, курдашы робот, программа болуп, ЖИнин таасири алдында өсөт, чоңоёт.

         Ошентип, ЖИ илимий изденүүлөрдүн башкы объектиси, экзистенциалдык кооптонуунун булагы жана теориялык ой толгоолордун бутасы. Бирок, бир даары чочулап жаткан учурда, практиктер жана реалисттер аракет көрүүдө. Мисалы, Кытайдын Мамлекеттик кенеши 2026-2030-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү программасында окуучуларды ЖИ өздөштүрүүгө жана башкарууга багытталган иш чаралардын комплекси камтылган. Андан тышкары, ЖИ-сабаттуулукту калктын калың катмары үчүн негизги билимге айлантуу, адамды эмес, адам башкара турган технологиялык аспап катары башкаруу көндүмдөргө үйрөтүү маселелери да алдыңкы өлкөлөрдүн стратегияларында белгилене баштады.

Жасалма интеллект биздин турмушка биздин каалоосуз эле бастырып кирип, улам таасири арта бермеги анык болгон соң, нейротүйүндөрдү колдонсо болобу же жокпу деген дискуссияларга убакыт коротпой, ЖИни туура пайдалануу жана аны башкаруу боюнча зарыл аракеттерди көрүү абзел. Андай иштердин бири катары калкты жасалма интеллекти колдонууга туташ окутууга киришкенибиз туура болмокчу.

 

Сыргак Эсенбек

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар