13-июлда №34 каттамын тейлеген Zhong Tong үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу Рыскулов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына бурулуп жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп жаткан баланы сүзүп кетип, алган оор жаракаттарынан улам бала окуя болгон жерде жарык дүйнө менен кош айтышты.
Буга байланыштуу ошол эле күнү Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык автобустун катышуусунда адам өмүрүн алган жол-транспорт кырсыгына байланыштуу чукул жыйын өткөрдү.
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда, айдоочу 2023-жылдын сентябрь айында жарактуу айдоочулук күбөлүгү менен жумушка кабыл алынганы аныкталган. Бирок 2026-жылдын январь айында ал транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылган. Ал бул фактыны жумуш берүүчүдөн жашырып, ички текшерүүлөр учурунда айдоочулук күбөлүгүнүн жасалма көчүрмөсүн көрсөтүп жүргөн. Мындан тышкары, сотто ишти кароо учурунда айдоочу убактылуу жумушсуз экенин айткан, буга байланыштуу унаа башкаруу укугунан ажыратылгандыгы тууралуу маалымат ишканага жиберилген эмес.
Калаа башчысы катышкан жыйындын жыйынтыгы боюнча үч күндүн ичинде кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, болгон окуянын себептери аныкталып, жооптуу адамдардын чөйрөсү белгиленди. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча күнөөлүүлөр ээлеген кызматтарынан бошотууга чейин жоопкерчиликке тартылып, кызматтык териштирүүнүн материалдары укук коргоо органдарына укуктук баа берүү үчүн берилет.
Тогуз жашар баланы койдуруп кеткен айдоочуга кандай жаза берилет, кызмат адамдары өз ишине жасаган кайдыгерлиги үчүн кандай жоопкерчилик тартат, баланын өмүрүн, адам өмүрүн кайтара албайсың. Эң өкүнүчтүүсү, мына ушунда. Бул окуя коомчулукта катуу талкууга алынып, күн тартибине айдоо маданияты маселесин коюп отурат. Биздин гезит бул маселени буга чейин да жазып келгенбиз.
2025-жылы Кыргызстанда жол кырсыктарынын өсүшү катталган. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын аймагында 8 456 жол кырсыгы катталып, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 19,1%га көптүк кылат.
2025-жылдагы жол кырсыктарынын кесепеттеринен 12 миңден ашык адам жаракат алган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 16,1%га көп, 900 адам каза болгон, өсүш 21,1%ды түзөт. Айрыкча, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн катышуусунда катталган жол кырсыктарынын санынын өсүшү өзгөчө тынчсыздануу жаратат. Балдардын катышуусунда 2,2 миң жол кырсыгы катталып, 2024-жылга салыштырмалуу 23,7%га өскөн, 121 бала каза болгон (өсүш 22%), 2,6 миңге жакын бала жаракат алган (өсүш 24%).
Бир жыл ичинде айдоочулардын мас абалында унаа башкаруусунан улам 395 жол кырсыгы катталган. Өткөн жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 11,3%га өскөн. Ал эми акыркы он жыл аралыгында Кыргызстандын жолдорунда жол-транспорт кырсыктарынан 9 120 киши тапкан. Куду согуш талаасындагыдай. Бул кургак статистикалык маалыматтар эмнени айтат? Кыргызстанда жана жалпы эле жол кыймылында катталган жол-транспорт кырсыктарынын (ЖТК) басымдуу бөлүгү айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөр тарабынан жасалган бир катар негизги эреже бузуулардан улам келип чыгат. Расмий статистика жана талдоолор көрсөткөндөй, жол кырсыктарына алып келген эң мүнөздүү жана көп кайталанган эреже бузуулар кайсылар?
Айдоочулар тарабынан жасалган мүнөздүү эреже бузууларга иралды ылдамдыкты ашыра айдоо кирет. Бул эң башкы себеп. Бул кырсыктардын гана эмес, адам өлүмүнүн да негизги себеби. Өзгөчө шаарлар аралык трассаларда жана ири шаарлардын борбордук көчөлөрүндө ылдамдык режимин сактабоо айдоочуга убагында токтоого же маневр жасоого мүмкүнчүлүк бербей калат.
Эреже бузуулардын кийинкиси – каршы тилкеге чыгуу жана кууп өтүү. Тоолуу жолдордо же тар трассаларда чийинди (сплошная линия) тоготпой, каршы тилкеге чыгып кууп өтүү эң оор кесепеттерге (бетме-бет кагылышууларга) алып келет.
Өтүү кезегин сактабоо да эреже бузуунун негизгилерине кирет. Буга: башкы жолдо бараткан унааны өткөрбөй коюу; светофордун кызыл же сары күйгөн өчпөй турган белгисине өтүп кетүүгө аракет кылуу; кесилиштерден (перекресток) туура эмес өтүү.
Акыркы жылдарда айдап баратып, телефон колдонуу менен да эреже бузуп жатышат. Неге дегенде, унааны башкарып баратып СМС жазуу, социалдык тармактарды барактоо же телефон менен сүйлөшүү — реакция убактысын 2-3 эсеге жайлатат. Көпчүлүк учурда алдындагы унааны артынан барып сүзүү дал ушул телефонго алаксуудан болот.
Унааны мас абалында айдап жолго чыккан азаматтарыбыз арбын. Ичимдик же баңгизаттын таасири астында айдоочу кырдаалга туура баа бере албай, кооптуулукту сезбей калат. Бул баарыбызга түшүнүктүү. Болбой эле, машина айдап жолго чыгарын билип туруп, биз да “бир стакан алып кой, эч нерсе болбойт” деп кыстаган учурлар турмушта көп кездешет.
Жолдо жүрүү эрежелерин бузуунун дагы бири – аралыкты (дистанцияны) жана интервалды сактабоо. Бул алдындагы унаага өтө жакын айдоо. Мындай учурда айдоочу алдындагы унаа чукул токтогон учурда, артындагы унаа тормоз басып үлгүрбөй калат.
Жол-транспорт кырсыгына жалаң эле унаа айдоочулар себеп болбойт. Жөө жүргүнчүлөр тарабынан жасалган мүнөздүү эреже бузуулар да арбын кездешип, жол кырсыктарына айдоочулар гана эмес, жөө жүргүнчүлөр да себепчи болот. Бул жолду белгиленбеген жерден кесип өтүү: Жөө өтмөк (зебра) же жер астындагы/үстүндөгү өтмөктөр турса да, убакытты үнөмдөө үчүн жолдун каалаган жеринен чуркап өтүү. Жолдон өтүп жатканда алаксуу. Адатта, акыркы жылдарда жолдо өтүп баратып, кулакчын (наушник) тагынып, капюшон кийип же телефонду карап, айланадагы үндөрдү жана унааларды байкабай калган учурлар арбыды.
Мындан башка да маанилүү факторлор бар. Бул унаанын техникалык абалынын начардыгы, тактап айтканда тормоз системасынын иштебей калышы, эскирген дөңгөлөктөр (өзгөчө кыш мезгилинде жайкы дөңгөлөк менен жүрүү). Коопсуздук курун тагынбоо. Бул эреже бузуу кырсыктын келип чыгышына түз таасир этпесе да, анын кесепетин (жаракат алуу же өлүм) бир нече эсеге жогорулатат.
Жыйынтыктап айтканда, жолдогу кырсыктардын 90%дан ашыгы — адамдык факторго, тагыраак айтканда, эрежелерди атайлап же шалаакылыктан улам бузууга байланыштуу. Бул мүнөздүү каталарды билүү жана алардан качуу — ар бир айдоочунун жана жөө жүргүнчүнүн өмүрүн сактап калат.
Демек, жолдогу сый-урмат, айдоо маданияты айнектин артындагы күзгүдөй болуп, далай өмүрдү сактап калары калетсиз. Калет жок, бүгүнкү күндө автоунаа жөн гана унаа эмес, ал биздин жашообуздун ажырагыс бөлүгү. Баарыбыз жана ар бирибиз күн сайын жолдобуз. Бирибиз айдоочу катары жолго чыгабыз, бирибиз жөө. Көп мекендештерибиз эртели-кеч убактысынын көп бөлүгүн рулда өткөрөт. Демек, жол эрежелеринин сакталышы алардын адамдык парасаттарына жана айдоо маданиятына жараша болот. Айдоо маданияты дегенибиз, жөн гана жол эрежелерин жаттап алуу эмес. Бул — башка айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө болгон сый-урмат, жоопкерчилик жана өзүн-өзү башкара билүү жөндөмү.
Адатта, айдоо маданиятынын негизги “жазылбаган” мыйзамдары, же тагыраагы эрежелери бар. Чыныгы маданияттуу айдоочуну унаасынын маркасынан эмес, анын жолдогу жүрүм-турумунан таанууга болот.
Ар бир айдоочу карманышы керек болгон маанилүү принциптер бар. Оболу, сабырдуулук. Жолдо ар кандай кырдаал болот: кимдир бирөө тажрыйбасыздыктан улам жай айдашы мүмкүн, башкасы адашып калышы ыктымал. Мындай учурда дароо сигналды басып, ачуулануу маданиятсыздыктын белгиси. Сабырдуу болуу жолдогу чыңалууну азайтат.
Айдоочу үчүн эки жерде эки төрт дегендей эрежелердин бири -бурулуш белгилерин өз убагында күйгүзүү. Бурулуш белгиси, же “поворотник” бул унаанын башка айдоочулар менен сүйлөшүү тили. Бурулуш белгисин күйгүзбөй туруп маневр жасоо жолдогу башка катышуучуларды сыйлабагандык. Алдыдагы айдоочу кайда буруларын артындагы айдоочу алдын ала билиши керек. Бул жөнөкөй аракет жүздөгөн кырсыктардын алдын алат.
Эң башкысы, жөө жүргүнчүлөргө сый-урмат. Жөө өтмөктөн (зебрадан) өтүп бара жаткан адамдарга жол берүү бул милдет гана эмес, адамгерчиликтин бийик көрсөткүчү. Өзгөчө жаан-чачындуу күндөрү жөө адамдардын жанынан катуу өтүп, суу чачыратпоо да айдоочунун ички маданиятынан кабар берет. Арийне, кээ бир айдоочулар жөө өтмөктөн жөө жүргүнчүнү өткөрүп койсо, кадырына доо кете тургансып сезишет. Зуулдатып алды-артын карабай айдап өтүшөт. Мындайлардын аңкылдатып айдап баратканын көрүп, бирөө-жарымды коюп албагай эле, кайда шашат деген ой кетет.
Акыркы жылдарда айдоочулар жөө өтмөктөн жол берип жатканда, жөө жүргүнчүлөргө колун бооруна алып, башын аста ийип, ыраазычылык билдирген тенденция пайда болду. Бул колдоого татыйт. Ырасында, айдоочубу же жөө жүргүнчүбү “Рахмат” айтууну унутпаганы дурус. Эгер кимдир бирөө айдоочуну же жөө жүргүнчүнү өткөрүп жиберсе, айдоочу авариялык жарыкты (аварийканы) 2-3 жолу күйгүзүп, жөө жүргүнчү аста башын ийкеп ыраазычылык билдирип коюу кыйын эмес. Бул кичинекей жест жолдогу жылуу маанайды сактоого жардам берет.
А жолдогу маданиятсыздык жөн гана маанайды бузбастан, олуттуу кесепеттерге да алып келет. Көпчүлүк кырсыктар шашуудан, бири-бирине жол бербөөдөн жана оройлуктан келип чыгат. Тыгындардын жасалма түрдө жаралышын пайда кылат. Жолдогу уруш-талаш адамдын нерв системасын жабыркатып, күнүмдүк жашоосуна терс таасирин тийгизет.
Жолдогу абалды оңдоо үчүн ар бир адам, ар бир айдоочу өзгөрүүнү өзүнөн, айдоо маданиятынан башташы керек. Бул өтө кыйын эмес. Айталы, айдоочу жолго 5-10 мүнөт эрте чыкса, эч кайда шашпайт жана жанталашып эреже бузбайт. Рулга отурганда телефонду четке коюп, алаксыбоо абзел. Адам өмүрү бир СМСтен алда канча кымбат. Жолдогу агрессияга агрессия менен жооп бербөө. Мындайда жылмайып күнөөлүү болбосоң да, жылмайып койгонго эмне жетсин.
Айдоо маданияты биздин коомдун күзгүсү. Биз жолдо канчалык маданияттуу, сылык жана сабырдуу болсок, жашообуз да ошончолук коопсуз жана жагымдуу болот. Рулдагы ар бир көз ирмемде адамдык сапатты жоготпоо өтө маанилүү.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”



