Башкы беткеКоомБаткен талаасында ишке ашкан кыял

Баткен талаасында ишке ашкан кыял

Айылдык мугалим Гульмира Саматова лаванда гүлүн өстүрүп, жаңы бизнес түрү менен жүздөгөн адамдарга дем берип, башкаларга үлгү болууда.

Дүйнөгө белгилүү лаванда гүлү Франциянын, жалпы эле  Европанын символу катары кабыл алынып келет. Бирок бүгүн бул жыпар жыттуу гүл Баткен облусунун Кадамжай районунда да жайнап гүлдөп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачты. 35 жылдан бери мектепте орус тили жана адабияты сабагынан билим берип келген эже Гульмира Саматова өзүнүн өжөрлүгү, эмгекчилдиги жана жаңычыл көз карашы менен айыл жеринде да заманбап бизнес түзүүгө болорун далилдей алды.

Гульмира эженин лаванда гүлүнө кызыгуусу пандемия мезгилинде башталган. Карантин күндөрүн текке кетирбей, «Бизнеске грант тартуу» боюнча онлайн окууларга катышып жүргөндө Ысык-Көл облусундагы “Jannat Garden” лаванда экофермасынын негиздөөчүсү Айсулуу айымдын вебинарына күбө болуп, лаванда гүлүнө болгон алгачкы кызыгуулары башталган.

«Вебинар бүтөрү менен интернеттен лаванда гүлү тууралуу маалыматтарды издей баштадым. Анын пайдалуу касиеттерин окуган сайын аны өстүрүп көрүүгө болгон кызыгуум күчөдү. Убакыт өтүп, күнүмдүк иштерге алаксып кетсем да, лаванда тууралуу кыялым жүрөгүмдө жашай берди», — дейт Гульмира эже.

Ал 2023-жылы “SheStarts” фондунун «Агро айым – агро жаштар» долбооруна катышып, беш ай окуйт. Окуунун соңунда мыкты катышуучулардын катарына кирип, Өзбекстандын үч облусуна бизнес-тур менен барууга мүмкүнчүлүк алат.

Дал ошол сапарда Кадамжай районунун Марказ айылындагы лаванда гүлү өскөн талаасын өз көзү менен көрөт.

«Ошол күнү мен дагы сөзсүз ушундай гүлдүү талаа түзөм” деп өзүмө сөз бердим», — дейт ал.

Көп өтпөй Кыргызпатент жарыялаган «40 райондон – 40 инновациялык долбоор» сынагына «Лаванда өстүрүү жана кайра иштетүү» долбоору менен катышып көрөт. Бир нече тандоо баскычынан ийгиликтүү өтүп, 500 миң сомдук грант утуп алат. Бул каражаттын басымдуу бөлүгүнө Ысык-Көлдөн лаванданын көчөттөрүн сатып алат.

Бирок эң чоң түйшүк грант уткандан кийин башталды.

Алгач каарманыбыз, лаванда үчүн ылайыктуу жер таба албай, көчөттөрдү өз үйүнүн короосундагы алма бактын арасына отургузат. Күндү сүйгөн өсүмдүк көлөкөдө жакшы өспөй кыйнайт.

«Үйдөгүлөр да башында: “Бул гүл Кыргызстанда өспөйт”, дешчү. Кээде өзүм дагы сарсанаа болуп, эки анжы болгон учурлар болду. Бирок көчөттөрдү таштап коюуга дилим барган жок. Ар бир түбүн баладай багып, кам көрдүм», – дейт каарманыбыз.

Акыры мээнет текке кетпеди. Кийинки жылы эженин иши дагы колдоого  алынып,  эл аралык фонд уюштурган гранттык долбоордун алкагында 360 миң сомдук каражат алып, талаадагы гүлбагына тамчылатып сугаруу системасын орнотот.

Учурда мугалим эжейдин тынымсыз аракет жана эмгегинин артынан, Баткендин талаасында жайнаган лаванда көз жоосун алып, көргөндөрдү суктандырып жаткан убагы. Лаванда көп жылдык өсүмдүк болгондуктан, анын түшүмү жылдан-жылга көбөйөт. Жыл сайын жаңы көчөт сатып алуу талап эмес. Баткендиктерди эле таңырткатпай, жалпы кыргызстандыктарды шыктандырып жаткан мындай ийгиликтин артында козгө көрүнбөгөн тоодой мээнет жатканын билебиз.

«Лаванда гүлүнүн табигый жытын сактоо максатында, бизде техника колдонулбайт. Жерди кетмен менен чабып жумшартып, чөптү кол менен гана жулабыз. Бул өсүмдүк өзгөчө мээримди, сүйүүнү жакшы көрөт. Канчалык жакшы мээрим менен карасаң, ошончолук мол түшүм берет», — дейт Гульмира Саматова.

Багбандын чакан чарбасында лаванда сашелери, лаванда чайы даярдалууда. Табигый продукциялар интернет аркылуу жана айыл чарба көргөзмөлөрүндө ар кайсы тараптарга сатылууда. Ал эми жакынкы келечекте багбан айым лавандадан лимонад чыгарууну пландап жатат.

Мындан тышкары, ишкер айым экотуризмди өнүктүрүүгө да бел байлаган. Күзүндө гүлдөгөн талаанын жанына эки боз үй тигип, келген конокторго же гүлдүү талаанын атыр жыты менен кооздугуна суктануучулар үчүн фитотерапия уюштурулат. Эс алуучуларга ыңгайлуулук жаратуу максатында лаванда өсүмдүгүн эгүүдө көчөттөрдүн аралыгы атайын кенен ташталган.

«Адамдар келип, жыпар жытка бөлөнүп эс алышсын, табияттан күч алышсын дейм. Бул аларга өзгөчө айымдарга жан дүйнөсүн кооздукка бөлөп, жагымдуу маанай тартуулайт. Айыл жеринде деле ушундай жаңы шарттарда туризмди өнүктүрүүгө болот», — дейт ал.

Каарманыбыздын айтымында, лаванда көчөттөрүнө болгон суроо-талап күтүлгөндөн да жогору болууда. Быйылкы жылга даярдалган 200дөн ашык көчөт бир айга жетпей сатылып кеткен. Азыр эми күзгү көчөттөр даярдалып,  сатык үчүн өстүрүлүүдө.

Жергиликтүү тургундар башында мындай жаңы демилгеге таң калуу менен карашса, бүгүн алардын көбү бул өсүмдүктү өздөрү дагы өстүрүүгө кызыгуулары артууда.

«Мен мугалиммин, мектепте балдарга билим берүү менен кошо айылда жашап эле жаңы бизнес баштоого, грант утуп, интернет аркылуу соода кылууга болорун көрсөткүм келди. Эгер менин тажрыйбам башка дагы бир аялга дем берсе, аларды шыктандырган болсо анда эмгегимдин акталганы», — деп сөзүн жыйынтыктайт биздин эмгекчил каарманыбыз.

Гульмира Саматованын ийгилиги – бир адамдын гана жетишкендиги эмес. Бул билимге умтулуу, жаңы мүмкүнчүлүктөрдөн коркпоо жана эмгекке ишенүү кандай натыйжа берерин көрсөткөн мыкты мисал. Баткендин талаасында гүлдөгөн лаванда бүгүн катардагы гана өсүмдүк эмес, айылдык аялдардын мүмкүнчүлүгүн, кыргыз ишкер айымдарынын күчүн жана жаңы идеяларды  ишке ашырууга болорунун айкын далили десек болот.

 Гүлмайрам Рахманбердиева,

 “Кыргыз Туусу”

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар