Башкы беткеКоомСоцфондго жарым жылда 6,7 миңден ашуун кайрылуу түштү

Соцфондго жарым жылда 6,7 миңден ашуун кайрылуу түштү

Кыргызстандын Социалдык фондуна 2026-жылдын январь-июнь айларында жарандардан 6 776 кайрылуу келип түшкөн.

Маалыматка ылайык, кайрылуулардын көбү “Ишеним телефону” аркылуу түшкөн — 2 954. Ошондой эле уюлдук “Ишеним телефону” аркылуу 1 460, “Түндүк” системасы аркылуу маалымат алуу үчүн 1 396 кайрылуу катталган.

Жарандар негизинен пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу жана индексациялоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, пенсияга чыгуу укугу, төлөмдөрдү кайра эсептөө жана топтоочу фонддогу каражаттар боюнча суроолор менен кайрылышкан.

Социалдык фонддон билдиришкендей, бардык кайрылуулар каралып, жарандарга мамлекеттик жана расмий тилдерде тиешелүү жооптор берилүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар