Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун биринчи этабынын жыйынтыгын чыгарды.
Аппараттык жыйында ал долбоордун негизги максаты мамлекеттик органдардын ачыктыгын камсыз кылуу, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу жана жарандар менен түз байланыш түзүү экенин белгиледи.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ачык-айкындуулугу, кесипкөйлүгү жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешүүсү боюнча баалоо жүргүзүлгөн.
Касымалиев маалымат менен иштөөдө жогорку көрсөткүч көрсөткөн жетекчилерди белгиледи. Алардын арасында Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жана саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов бар.
Ошол эле учурда айрым мамлекеттик органдардын коомчулук менен байланышын жакшыртуу, маалыматты жеткиликтүү берүү жана аткаруучулук тартипти күчөтүү зарылдыгы айтылды.
Министрлер Кабинетинин башчысы долбоордун биринчи этабы ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, сентябрь айынан тарта экинчи этап башталарын билдирди. Ага мамлекеттик кызматтардын, агенттиктердин, фонддордун жана инспекциялардын жетекчилери катышат.


