Башкы беткеМинистрлер кабинетиДамир Осмонов ДССУнун башкы директору менен жолукту

Дамир Осмонов ДССУнун башкы директору менен жолукту

20-июлда Нью-Йорк шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынынын алкагында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору, доктор Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушту.

Жолугушууда министр ДССУнун Кыргызстанга көп жылдан бери көрсөтүп келе жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да өз ара кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулашты. Алардын катарына жол кырсыгынан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү, саламаттык сактоо тармагынын туруктуулугун чыңдоо, баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, тармакты санариптештирүү жана балдар онкологиясы кызматын жакшыртуу маселелери кирди.

Жолугушунун соңунда тараптар аталган багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да чыңдоого даяр экенин ырасташты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар