Башкы беткеЭкономикаМамлекетке өткөндөн бери Кумтөр бюджетке 1,2 млрд доллардан ашык каражат которду

Мамлекетке өткөндөн бери Кумтөр бюджетке 1,2 млрд доллардан ашык каражат которду

“Кумтөр” алтын кени мамлекеттик башкарууга өткөндөн бери өлкө казынасына ири көлөмдө киреше алып келүүдө. Компаниянын акыркы отчетуна ылайык, акыркы төрт жарым жыл ичинде бюджетке салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр катары 1 миллиард 233 миллион 216 миң АКШ доллары которулган.

Отчеттук маалыматтар 2022-жылдын январынан 2026-жылдын июнь айына чейинки аралыкты камтыйт. Бул мезгилде “Кумтөр Голд Компанинин” жалпы кирешеси 4 миллиард 991 миллион 956 миң АКШ долларына жеткен.

Ошол эле учурда компаниянын таза пайдасы 2 миллиард 196 миллион 678 миң АКШ долларын түзгөнү белгиленет.

Мындан сырткары, “Кумтөр Голд Компанинин” жалгыз акционери болгон “Кыргызалтын” ачык акционердик коомуна дивиденд катары 741 миллион 298 миң АКШ доллары төлөнүп берилген.

Белгилей кетсек, “Кумтөр” кени мамлекеттик башкарууга өткөндөн кийин анын финансылык көрсөткүчтөрү ачык жарыяланып, түшкөн кирешенин бир бөлүгү мамлекеттик бюджетке жана мамлекеттик компаниянын дивиденддерине багытталып келет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар