Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан БУУда жол коопсуздугу боюнча демилге көтөрдү

Кыргызстан БУУда жол коопсуздугу боюнча демилге көтөрдү

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Нью-Йорк шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку деңгээлдеги жыйынынын алкагында уюштурулган Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча Лидерлердин тегерек үстөлүнө катышты.

Иш-чара БУУнун Башкы катчысынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча атайын чабарманы Жан Тодт жана Эл аралык тынчтык институту тарабынан уюштурулуп, жол-транспорт жаракаттарынын “тынч пандемиясына” каршы күрөш маселесине арналды.

Өз сөзүндө Дамир Осмонов жол кырсыктары бүгүнкү күндө транспорт тармагынын гана эмес, коомдук саламаттык сактоо системасынын да олуттуу көйгөйүнө айланганын белгиледи.

“Жыл сайын дүйнө жүзүндө жол-транспорт кырсыктарынан болжол менен 1,2 миллион адам каза болуп, дагы ондогон миллиондогон адамдар жаракат алышат. Бул көрүнүштү коомдук саламаттык сактоого тийгизген глобалдык коркунуч катары кароо зарыл”, – деди министр.

Ал жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бир гана жол тармагына эмес, саламаттык сактоо, билим берүү жана башка мамлекеттик түзүмдөрдүн биргелешкен аракетине көз каранды экенин белгилеп, бул багыттагы эл аралык кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар