Эл аралык геосаясий өзгөрүүлөр жана жаңы соода жолдору Кыргызстандын транзиттик тарыхында жаңы доорду ачты. Кылымдар бою Улуу Жибек Жолунун чок ортосу болуп, дүйнөнүн төрт тарабын бириктирген Кыргызстан бүгүн жаңы дем менен жанданууда. Өлкөбүз Евразиянын эң ири транспорттук-логистикалык түйүнүнө айланып, өзүнүн тарыхый миссиясын ийгиликтүү калыбына келтирүүдө. Муну 2025–2026-жылдардагы статистикалык маалыматтар жана ишке ашып жаткан масштабдуу долбоорлор дагы ырастайт.
Өлкөнүн транспорт тармагы негизинен автоунаа жолдоруна таянат. Бирок катаал бийик тоолуу шарттарга карабастан, мамлекет акыркы жылдары эл аралык маанидеги магистралдарга өзгөчө басым жасап, ири долбоорлорду ишке ашырууда. Алдыңкы катардагы Бишкек – Ош жолу, өлкөнүн Түндүгү менен Түштүгүн байланыштырган альтернативдүү жол коридору, ошондой эле Бишкек – Нарын – Торугарт жана Ош – Сары-Таш – Эркечтам багыттары ички байланышты гана чыңдабастан, Кытайдан келген ири жүк агымын Борбор Азияга жана КМШ өлкөлөрүнө жеткирүүчү башкы транзиттик жол болуп калды. Атап айтканда, Кытай менен чектешкен “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттарынын заманбап талаптарга ылайык жаңыланышы жана санариптик башкарууга өтүшү чек арадагы өткөрүү мүмкүнчүлүгүн бир нече эсеге жогорулатты. Муну автоунаа жолдору аркылуу жүк ташуунун туруктуу өсүшү жана өлкөбүздүн кургактыктагы логистикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши айкын көрсөтүп турат. Өлкөдө жүк ташуунун негизги бөлүгү автоунаа транспорту аркылуу ишке ашырылып, бул тармак ички жана аймактык логистиканын негизги кыймылдаткыч күчү бойдон калууда. 2025-жылдын жыйынтыгында транспорттун бардык түрү менен 60,7 миллион тонна жүк ташылып, жүк жүгүртүүнүн көлөмү 3,7 миллиард тонна километрди түздү.
Буга чейин өлкөнүн темир жолунун жалпы узундугу болгону 424 чакырым менен гана чектелип келсе, 2024-жылдын аягында расмий түрдө башталган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу өлкөнүн транспорт тарыхында жаңы баракты ачты. Кыргызстандын аймагы аркылуу өтө турган бөлүгү 304 чакырымды түзгөн бул стратегиялык долбоор өлкө тарыхындагы эң ири инвестициялык салым катары бааланууда. Темир жол курулуп бүткөндөн кийин, Кыргызстан деңизге чыга албаган өлкөдөн Евразиянын эң кыска кургактык транзиттик коридорунун негизги катышуучусуна айланат.
Кыргызстандын транспорт тармагында аба каттамдары да өзгөчө мааниге ээ болуп, өлкөнү чет мамлекеттер менен ыкчам байланыштыруучу негизги куралга айланды. Өлкөнүн башкы авиациялык түйүнү болгон “Манас” эл аралык аэропортунда акыркы жылдары олуттуу өсүш байкалып, жүргүнчүлөрдү тейлөө жана транзиттик жүктөрдү кабыл алууда рекорддук көрсөткүчтөргө жетти. Бул өсүш “Ош”, “Ысык-Көл” жана “Каракол” эл аралык аэропортторунун активдүү иштеши жана жаңы авиакомпаниялардын атаандаштыкка кириши менен коштолууда. Борбор Азиядагы авиациялык жигердүүлүктүн алкагында Кыргызстан да өзүнүн аэропортторун эл аралык логистикалык жана туристтик борборлорго айландыруу багытында ишенимдүү кадамдарга барып жатат.
Казакстан болсо өзүнүн эбегейсиз аймагы жана географиялык артыкчылыгы менен Борбор Азиядагы эң ири транспорттук жана логистикалык борбор катары таанылды. Бул мамлекет акыркы жылдары темир жол, автоунаа жолдору, деңиз порттору жана авиацияга ири көлөмдө инвестиция салып келет. Казакстандын транспорт системасынын өзөгү болгон темир жол тармагы аркылуу Кытай – Европа багыты, Түндүк – Түштүк коридору жана Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту (Middle Corridor) өтөт. Темир жол өлкөдөгү жалпы жүк ташуунун жарымынан көбүн камсыздайт. 2025-жылы темир жол аркылуу ташылган жүктүн көлөмү 466,7 миллион тоннага жеткен. Ошол эле учурда автоунаа жолдорун жаңылоо да мамлекеттик деңгээлдеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Өлкө боюнча 13 миң чакырымдан ашык жол курулуп жана оңдолуп, республикалык маанидеги жолдордун 94 пайызы мыкты абалга келтирилген. Бул тармакта ачыктыкты жана натыйжалуулукту камсыз кылуу максатында e-Joldar санариптик көзөмөлдөө системасы ийгиликтүү киргизилген. Авиация тармагында бир жылда 15,4 миллион жүргүнчү ташылган, ал эми Алматы, Астана жана Актау аэропорттору ири эл аралык логистикалык борборлорго айланууда. Деңизге түз чыга албаса да, Казакстан Каспий деңизиндеги Актау жана Курык порттору аркылуу Азербайжан, Грузия жана Түркия багытына контейнердик ташууларды бир нече эсеге көбөйттү. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жалпы жүк ташуу көлөмү 1 миллиард 163,6 миллион тоннага жеткен. Бул көрсөткүчтөр Казакстандын транзиттик экономикасынын кубаттуулугун айкын көрсөтүп турат.
Өзбекстан акыркы жылдары чөлкөмдөгү эң динамикалуу өнүгүп жаткан транспорттук жана логистикалык түйүндөрдүн бирине айланды. Өлкө ички инфраструктурасын модернизациялоо менен бирге, аймактык интеграцияны активдүү колдоп келет. Өзбекстандын темир жол тармагынын жалпы узундугу 7 миң чакырымдан ашат, анын 2 миң чакырымдан ашыгы толугу менен электрлештирилген. Мамлекеттик “Өзбекистон темир йоллари” компаниясы тарабынан башкарылган бул система чөлкөмдөгү эң өнүккөн тармак болуп эсептелет. Ташкент – Самарканд – Бухара – Карши багыттарында үзгүлтүксүз каттаган “Афросиёб” жогорку ылдамдыктагы поезддери өлкөнүн туристтик жана жүргүнчү ташуу потенциалын жаңы деңгээлге көтөрдү. 2025-жылы темир жол менен 107,9 миллион тонна жүк жана 10,5 миллион жүргүнчү ташылган. Өзбекстандын транспорт системасында негизги жүктү автоунаа транспорту көтөрөт, анткени бардык жүк ташуулардын 89,6 пайызы дал ушул тармакка туура келет. 2025-жылы автомобиль транспорту аркылуу 1 миллиард 434,5 миллион тонна жүк жана 6,99 миллиард жүргүнчү ташылган, бул өлкөнүн ички логистикасынын өтө жогорку активдүүлүгүнөн кабар берет. Авиация тармагында Ташкент эл аралык аэропорту чөлкөмдүн негизги аба дарбазасы бойдон калууда, ал эми Самарканд, Бухара, Ургенч жана Наманган аэропорттору модернизацияланып, эл аралык каттамдардын географиясы кеңейтилди. Маселен, коңшу Тажикстан менен жумасына 10го чейин туруктуу авиакаттам уюштурулуп, бир жылда 133 миңден ашык жүргүнчү ташылган. Өзбекстан коңшу мамлекеттер менен соода-логистикалык байланыштарын да бекемдеп, Казакстан менен жүк ташуу көлөмүн 22,3 миллион тоннага, Кыргызстан менен 5,4 миллион тоннага, Түркмөнстан менен 1,8 миллион тоннага жеткире алды.
Тажикстандын транспорттук өзгөчөлүгү анын татаал жана кооз тоо кыркалары менен тыгыз байланышкан. Өлкөдө темир жол тармагынын узундугу 680 чакырымды түзүп, ал аркылуу ташылган жүктөр 7,4 миллион тоннага жеткен. Бирок өлкөнүн жашоо тиричилиги жана экономикасы дээрлик толугу менен автоунаа жолдорунан көз каранды. Тажикстандагы жалпы жүк ташуулардын 95,2 пайызы автоунаа транспорту аркылуу ишке ашырылат. Жалпы жол тармагынын узундугу 27,8 миң чакырымды түзүп, 2025-жылы автоунаа транспорту менен 147,4 миллион тонна жүк жана 1 миллиарддан ашык жүргүнчү ташылган. Акыркы жылдары Дүйшөмбү – Кулма жана Дүйшөмбү – Чанак сыяктуу маанилүү эл аралык авто жолдор, ошондой эле тоо койнундагы заманбап тоннелдер курулуп жаңыланды. Бул долбоорлор Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан жана Ооганстан менен транспорттук байланышты үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түзүүдө. Аба транспорту негизинен эл аралык багыттарды тейлеп, Дүйшөмбү, Худжанд, Куляб жана Бохтар аэропорттору өлкөнүн тышкы дүйнө менен байланышын чыңдоодо. Тажикстан өзүнүн татаал географиялык шартына карабастан, заманбап инженердик курулуштар аркылуу транзиттик коридорлордун ажырагыс бөлүгү болуу аракетин ийгиликтүү улантууда.
Ал эми Каспийдин жээгинде орун алган Түркмөнстан Борбор Азиянын деңиз жолдоруна ачылган негизги логистикалык дарбаза. Өлкөнүн темир жолдорунун жалпы узундугу 4 980 чакырымды түзүп, Казакстан – Түркмөнстан – Иран жана Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран темир жол каттамдары эл аралык транзитте өзгөчө мааниге ээ. Автоунаа инфраструктурасында да чоң өзгөрүүлөр болуп, узундугу 600 чакырымдан ашкан заманбап Ашхабад – Түркмөнабат автомагистралы курулуп жатат. Бул жол өлкөнүн ички аймактарын туташтыруу менен бирге эл аралык жүк ташууларды тездетет. Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы жүк ташуунун 43 пайызы автомобиль жолдоруна туура келет жана бул көрсөткүч жыл сайын орто эсеп менен 30 пайызга өсүп, 1,3 миллион тоннага жеткен. Ашхабад эл аралык аэропорту жылына 14 миллион жүргүнчүнү тейлөөгө ылайыкталган чөлкөмдөгү эң заманбап авиациялык комплекстердин бири. Түркмөнстандын логистикалык тутумундагы эң негизги артыкчылык – бул заманбап Түркмөнбашы эл аралык деңиз порту. Бул порт Каспий деңизи аркылуу Азербайжан, Кавказ, Түркия жана андан ары Европа багытындагы жүк ташуулардын негизги транзиттик түйүнү болуп саналат. Түркмөнстан Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутунун маанилүү катышуучусу катары Чыгыш менен Батышты бириктирген суу жана кургактык жолдорунун негизги тутумун түзүүдө.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорттук көрсөткүчтөрүн салыштырганда, ар бир мамлекеттин өзүнө гана мүнөздүү лидерлик багыттары бар экенин баамдоого болот. Алсак, Казакстан өзүнүн эбегейсиз аймагы аркылуу өткөн трансконтиненталдык кургактык каттамдары жана Батыш менен Чыгышты туташтырган эң узун темир жол транзити боюнча чөлкөмдөгү башкы логистикалык гигант. Темир жол тармагы жана жогорку ылдамдыктагы темир жол транспорту боюнча Өзбекстан 7 миң чакырымдык тармагы менен алдыда турат. Ошондой эле Өзбекстан 184 миң чакырымдан ашкан жол тармагы менен автоунаа инфраструктурасы боюнча да аймакта лидерлик кылат. Каспий деңизиндеги зор мүмкүнчүлүктөрү жана заманбап Түркмөнбашы порту менен Түркмөнстан деңиз логистикасында талашсыз лидер. Катаал тоо шарттарында автомобиль жолдорун куруу жана тоннелдерди натыйжалуу пайдалануу боюнча Тажикстан уникалдуу тажрыйбага ээ. Ал эми Кыргызстан транзиттик потенциалы эң ылдам жана кескин өсүп жаткан өлкө. Анткени жакынкы келечекте ишке кире турган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй Евразия континентинин транспорттук картасын өзгөртүп, Кыргызстанды аймактагы эң негизги жана маанилүү транзиттик түйүнгө айлантат.
Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»



