Башкы беткеМинистрлер кабинетиБеларустун тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Беларустун тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков 22–23-июль күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Сапар Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен ишке ашат.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин жетекчилеринин сүйлөшүүсү өтөт.

Жолугушууда кыргыз-беларусь кызматташтыгынын учурдагы абалы, аны мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча пикир алмашары күтүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар