Башкы беткеДүйнөФранция 15 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салды

Франция 15 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салды

Францияда 15 жашка чыга элек балдардын социалдык тармактарды колдонушуна тыюу салган мыйзам парламент тарабынан биротоло кабыл алынды. Бул тууралуу ММК билдирди.

Жаңы мыйзам 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет. Ошентип, Франция Европада мындай чектөөнү мыйзам деңгээлинде киргизген алгачкы өлкө болду.

Өлкө бийлиги бул чечимди өспүрүмдөрдү интернеттеги коркунучтардан коргоо жана социалдык платформаларды колдонуудан келип чыккан тобокелдиктерди азайтуу максатында кабыл алганын билдирди.

Жасалма интеллект маселелери боюнча министр Анн Ле Энанфф Франция Европада биринчи болуп “санариптик жарандык жетилүү” түшүнүгүн киргизгенин белгиледи. Буга чейин ушундай эле чектөө Австралияда кабыл алынып, анда 16 жашка чейинкилерге социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынган.

Мыйзамга ылайык, 1-сентябрдан тартып 15 жашка чейинки балдар социалдык тармактарда жаңы аккаунт ача алышпайт. Ал эми буга чейин түзүлгөн аккаунттар мыйзам күчүнө киргенден кийин төрт айдын ичинде өчүрүлүшү керек.

Мындан тышкары, социалдык тармактар Франциянын жеке маалыматтарды коргоо боюнча жөнгө салуучу органынын талаптарына ылайык колдонуучулардын жашын текшерүү механизмдерин киргизүүгө милдеттендирилет.

Социалдык платформалар буга чейин мындай чектөөлөрдү сынга алышканы менен, өлкөнүн мыйзамдарын аткарууга даяр экенин билдиришкен.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар