Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков Кыргызстанга эки күндүк расмий сапар менен келди.
Расмий конокту Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тышкы иштер министрлигинин имаратында тосуп алды.
Министрликтин маалыматына ылайык, сапардын негизги максаты – 24-июлда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына даярдык көрүү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ШКУ алкагындагы кызматташтыкты, кеңештин күн тартибиндеги негизги маселелерди жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү талкуулашат.
Эске салсак, ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны 24-июлда Бишкекте өтөт.



