Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында Министрлер кабинетинин 2026-жылга карата иш-аракеттер планынын биринчи жарым жылдыктагы аткарылышынын жыйынтыгы каралып, Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын баяндамасы угулду.
Маалыматка ылайык, жылдын алгачкы алты айындагы аткаруу көрсөткүчтөрү 80 иш-чаранын негизинде бааланган. Талкууда мамлекеттик органдардын жетишкендиктери менен катар аткарууда кеткен кемчиликтер да белгиленип, алардын себептери талданып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Адылбек Касымалиев иш-аракеттер планы өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуучу негизги стратегиялык документ экенин белгилеп, анда каралган ар бир тапшырма жана көрсөткүч 2030-жылга чейинки мамлекеттик максаттарга жетүүгө багытталганын айтты.
Ал мамлекеттик органдарга жүктөлгөн милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу зарылдыгын белгилеп, жыл соңунда жалпы 670 иш-чаранын аткарылышына баа берилип, ар бир мамлекеттик органдын жоопкерчилиги караларын билдирди.



