Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери майыптыгы бар жарандарга 257 даана араба акысыз берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, алардын арасында чоңдор үчүн стандарттуу, балдар үчүн көп функцияналдуу, ошондой эле гуманитардык жардамдын алкагында алынган арабалар бар.
Майыптыгы бар адамдарды арабалар менен камсыздоо Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген жобонун негизинде жүргүзүлөт. Ага ылайык, Кыргызстандын жараны болуп саналган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арабаны 5 жылдык мөөнөткө пайдаланууга акысыз ала алышат.
Үйдө жана сыртта колдонууга ылайыкталган стандарттык же көп функциялуу кресло-коляскалар 3 жаштан баштап берилет. Аларды алуу үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) корутундусу негиз болуп саналат.
Кресло-коляска алуу үчүн жарандар жашаган аймагындагы социалдык өнүктүрүү башкармалыгына арыз жана МСЭКтин корутундусунун көчүрмөсүн тапшырышы керек.



