Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүү акыркы үч жылда дээрлик эки эсеге өстү. 2023-жылы 117 млн АКШ долларын түзгөн көрсөткүч 2025-жылы 206,5 млн долларга жеткен. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков менен болгон жолугушууда билдирди.
Министрдин айтымында, бул аралыкта Кыргызстандан Беларуска экспорттолгон ата мекендик продукциянын көлөмү да 35 пайызга көбөйгөн.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүү жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы келишимдик-укуктук база бекемделип жатканы белгиленди.
Маалыматка ылайык, акыркы эки жыл ичинде эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде ар түрдүү тармактарды камтыган 27 эки тараптуу документке кол коюлган.
Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы кызматташтык акыркы жылдары активдүү өнүгүп, системалуу мүнөзгө ээ болгонун белгиледи.
“Бүгүнкү жолугушуу өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары боюнча пикир алмашууга жана кыргыз-беларусь мамилелерин мындан ары чыңдоонун келечегин аныктоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөт”, — деди министр.
Ал эми Максим Рыженковдун Кыргызстанга болгон сапары эки өлкөнүн өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.



