Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайларда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн кошумча орундар түзүлөт. Мындай тапшырманы шаар мэри Айбек Жунушалиев берди.
Мэриянын маалыматына ылайык, райондук администрациялар муниципалдык “Шаардык жол-транспорттук инфраструктура” ишканасы менен биргеликте бардык муниципалдык токтотуучу жайларды текшерип, атайын орундарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн аныктайт.
Ошондой эле учурда канча атайын орун бар экени, алардын жайгашкан жери жана кайсы аймактарда жаңы орундарды түзүүгө мүмкүн экени тууралуу маалымат даярдалат.
Мэрия белгилегендей, шарт түзүлгөн бардык унаа токтотуучу жайларда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын орундар уюштурулат.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте 47 муниципалдык унаа токтотуучу жай иштей турганы маалымдалган. Ар биринде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн экиден орун каралган, жалпы саны — 94 орун.



