Башкы беткеКоомМанас шаарында чет тилиндеги көрнөк-жарнактар алынды

Манас шаарында чет тилиндеги көрнөк-жарнактар алынды

Манас шаарында мамлекеттик тилдин талаптарына жооп бербеген көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, калаа мэринин тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө көчөлөрдөгү чет тилиндеги көрнөк-жарнактар жана грамматикалык, орфографиялык каталары бар жарнамалар алынып, аларды ишкерлерге мамлекеттик тилдин талаптарына ылайык даярдоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мэриядан кошумчалагандай, эл көтөргөн маселелер боюнча жергиликтүү бийлик кемчиликтерди жоюп, талапка жооп бербеген чет тилдеги жазууларды иретке келтирүү иштерин жигердүү жүргүзүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар