Башкы беткеМинистрлер кабинетиЭнергетика министрлиги күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөттү

Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөттү

Энергетика министри Алтынбек Рысбековдун төрагалыгы алдында өлкөнүн энергетикалык комплексин 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча кеңейтилген жыйын өттү.

Жыйынга президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, тиешелүү министрлик-ведомстволордун өкүлдөрү жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери катышты.

Анда энергетикалык объектилердеги оңдоо иштеринин жүрүшү, электр тармактарынын, көмөк чордондордун жана жабдуулардын даярдыгы, авариялык-оңдоо кызматтарынын ишке даярдыгы, ошондой эле керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери талкууланды.

Министр Алтынбек Рысбеков бардык пландалган оңдоо иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүүнү, энергетикалык объектилердин даярдыгын күчөтүлгөн көзөмөлгө алууну, ыкчам бригадалардын жана материалдык-техникалык запастардын жетиштүүлүгүн камсыздоону тапшырды.

Ошондой эле аймактардагы күз-кышка даярдык иштеринин жүрүшүн өзгөчө көзөмөлгө алуу жана белгиленген иш-чараларды өз убагында аткаруу милдети коюлду.

Министрлик билдиргендей, 2026/2027-жылдардагы күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүү жана керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча иштер улантылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар