Бишкек шаарында быйыл 127 көчөнү оңдоо жана куруу, ошондой эле 29 көчөнүн тротуарын жаңылоо пландалган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда 119 объектте иштер жүрүп жатат. Алардын ичинен 46 объектте оңдоо иштери толугу менен аяктады. Анын 33ү автоунаа жолу, 13ү тротуар.
Жаңыланган объекттердин катарында Жайыл баатыр, Коммунаров, Кожевенная, Үсөнбаев, Герцен жана Лев Толстой көчөлөрү, ошондой эле бир катар жаңы конуштардагы жана кичи райондордогу ички жолдор бар.
Мэрияда өткөн кеңешмеде жумуштарды кечиктирген же сапатсыз аткарган подряддык уюмдарга эскертүү берилди. Белгиленген талаптарды аткарбаган компаниялар ишенимсиз жеткирүүчүлөрдүн реестрине киргизилип, мамлекеттик сатып алууларга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн экени айтылды.
Ошондой эле жол куруудагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүү үчүн көчмө жыйындарды өткөрүү чечими кабыл алынды.



