Башкы беткеЭкономикаУлуттук банк жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырды

Улуттук банк жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырды

Социалдык тармактарда жана мессенжерлерде жеңилдетилген насыя алып берүү боюнча жардам сунуштаган жалган жарыялар тарай баштады. Бул тууралуу Улуттук банк эскертти.

Маалыматка ылайык, алдамчылар ишеним жаратуу үчүн Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди жана фейк пикирлерди колдонушууда.

Банк жарандарды мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө жана эч кандай учурда бейтааныш адамдарга акча которбоого чакырат. Ошондой эле маалыматты расмий булактар аркылуу гана текшерүү сунушталат.

Улуттук банк төмөнкүлөрдү дагы бир жолу эскертет:

– калкка насыя бербейт;

– акча которууну талап кылбайт;

– кызматкерлеринин күбөлүктөрүн мессенжерлер аркылуу жөнөтпөйт;

– жеке жактарды тейлебейт.

Эгерде сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калсаңыз, банктык картаңызды дароо бөгөттөп, укук коргоо органдарына кайрылууңуз зарыл.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар