Башкы беткеЭкономикаЖалал-Абадда "Коңур-Өгүз" кичи ГЭСинин курулушу башталды

Жалал-Абадда “Коңур-Өгүз” кичи ГЭСинин курулушу башталды

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААК Жалал-Абад облусундагы “Коңур-Өгүз” кичи гидроэлектр станциясынын курулушун каржылоону баштады. Курулушка старт берүү аземине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, аймак тургундары жана долбоордун өнөктөштөрү катышты.

Кичи ГЭС Коңур-Өгүз дарыясына курулат. Анын кубаттуулугу 3,5 мегаватты, ал эми жылдык электр энергиясын өндүрүү көлөмү 15,6 миллион киловатт-саатты түзөт.

Долбоор өлкөнүн электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө жана аймактын электр менен камсыз болушунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары, станциянын курулушу инвестицияларды тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана инфраструктураны өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизери белгиленди.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев кайра жаралуучу энергия тармагындагы долбоорлорду каржылоо банктын негизги багыттарынын бири экенин белгилеп, мындай долбоорлор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого жана экологиялык жактан таза электр энергиясы менен камсыздоого кызмат кыларын айтты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар