Башкы беткеЭкономикаБорбор Азиянын агрардык сектору жана азык-түлүк коопсуздугу

Борбор Азиянын агрардык сектору жана азык-түлүк коопсуздугу

Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана улуттук коопсуздугу түздөн-түз агрардык сектордун туруктуулугуна таянат. Расмий статистикалык маалыматтарга таянсак, республикадагы айыл калкынын басымдуу бөлүгү дал ушул тармакта эмгектенип, күнүмдүк кирешесин камсыздайт. Жалпы ички продукциянын олуттуу үлүшүн калыптандырган агроөнөр жай комплекси ички рынокту негизги азык-түлүк түрлөрү менен камсыздоодо чечүүчү орунду ээлейт. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү 400 миллиард сомдон ашкан. Бул олуттуу динамикага эң оболу мал чарба өндүрүшүнүн көбөйүшү, сүт багытынын кеңейиши, ошондой эле картошка жана жашылча өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жогорулашы негиз болгон.

 

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен өндүрүлгөн продукциянын сапаты, ар түрдүүлүгү жана экологиялык тазалыгы менен өзгөчөлөнөт. өлкөнүн дыйканчылык секторунда дан эгиндери, кант кызылчасы, түрдүү мөмө-жемиштер, жашылчалар, буурчак жана май алынуучу өсүмдүктөр кеңири өстүрүлөт. Ал эми мал чарбачылыгында бодо мал, кой-эчки, жылкы жана канаттуулар басымдуулук кылат. Акыркы жылдардагы көрсөткүчтөр далилдегендей, картошка өндүрүү боюнча республика региондогу алдыңкы позицияны туруктуу кармап келет. Ошондой эле төө буурчак өстүрүү жана аны сыртка сатуу боюнча өлкө дүйнөлүк агрардык рынокто өзүнүн бекем ордун тапты.ªзгөчө Талас облусунда өндүрүлгөн жогорку сапаттагы бул өсүмдүк Азия өлкөлөрүнө гана эмес, Европа Биримдигинин мамлекеттерине чейин ийгиликтүү экспорттолууда.

Мал чарбачылыгы республиканын айыл чарбасындагы эң ири жана салттуу тармак катары калууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын соңунда өлкөдөгү бодо малдын саны 1,8 миллион башка жакындап, кой-эчкинин саны 6 миллиондон ашты. Жылкы чарбасы да акыркы жылдары туруктуу өсүүнү көрсөтүүдө. Бул көрсөткүчтөр Кыргызстандын эт-сүт продукциясы боюнча ички муктаждыкты жабуу менен бирге сырткы соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жаткандыгын айгинелейт.

Сүт өндүрүү тармагы да өлкөнүн экспорттук потенциалын арттырган стратегиялык багытка айланды. Айрыкча Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарында жайгашкан кайра иштетүүчү ишканалар продукцияны заманбап стандарттар боюнча даярдап, Казакстанга жана Евразия экономикалык биримдигинин башка өнөктөш өлкөлөрүнө жөнөтүүдө. өсүмдүк өстүрүү тармагында да структуралык өзгөрүүлөр ачык байкалууда. Эгер мурда негизги басым салттуу түрдө буудайга гана жасалып келген болсо, акыркы жылдары фермерлер базар экономикасынын шартына ылайык кирешелүүлүгү жогору болгон жашылча-жемиштерге, интенсивдүү мөмө бактарына жана май өсүмдүктөрүнө көбүрөөк көңүл бура башташты. Бул мамиле тышкы рынокторго чыгууну ачуу менен бирге, айылдык чарбалардын рентабелдүүлүгүн жана кирешесин жогорулатууга шарт түзүүдө. Ошондой эле мамлекет тарабынан лизинг механизми аркылуу дыйкандарга жаңы заманбап техникаларды берүү, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу технологияларын жайылтуу, үрөнчүлүк чарбаларын калыбына келтирүү жана айыл жергесинде кайра иштетүүчү чакан жана орто ишканаларды куруу боюнча бир катар мамлекеттик долбоорлор ишке ашырылууда.

Кыргызстан өзүнүн табигый жана аймактык ресурстарына таянып, органикалык жана экологиялык таза продукция рыногунда өзүнүн туруктуу позициясын бекемдөө дараметине ээ. Бул багытты өнүктүрүү боюнча кабыл алынган мамлекеттик программалар өлкөгө жогорку баадагы жаңы экспорттук аянтчаларга чыгууга кеңири өбөлгө түзүүдө. Европа Биримдиги, Жакынкы Чыгыш жана Кытай сыяктуу ири рыноктор табигый, сапаттуу тамак-ашка болгон суроо-талапты жылдан-жылга жогорулатууда. Бул мүмкүнчүлүктү туура жана натыйжалуу пайдалануу Кыргызстандын агрардык секторун сапаттык жаңы деңгээлге көтөрө алат. Ошол эле учурда айыл чарбасын толугу менен санариптештирүү, жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле агрардык илим менен түздөн-түз өндүрүштүн байланышын чыңдоо алдыдагы эң башкы милдеттердин бири бойдон калууда.

Казакстан айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы көлөмү, айдоо аянттарынын масштабы жана ресурстук потенциалы боюнча Борбор Азиядагы эң ири мамлекет. Кеңири аймакты ээлеген айдоо жерлери, заманбап агротехнологияларды өндүрүшкө киргизүү кадамдары жана мамлекеттик тараптан масштабдуу колдоонун аркасында республика дүйнөдөгү буудайды сатуучу алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирген. Өлкөнүн айыл чарбасы ички ишенимдүү керектөөнү толугу менен камсыз кылуу менен бирге, Борбордук Азия, Европа жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине багытталган кубаттуу соода тутумун түзөт.  Улуттук статистика бюросунун расмий маалыматына ылайык, 2025-жылы айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү 9 триллион теңгеден ашып, тармактын реалдуу өсүш көрсөткүчү мурунку жылдарга салыштырмалуу жогорулаган. Бул өсүштүн негизги кыймылдаткыч күчү катары дан эгиндеринен алынган мол түшүм, май өсүмдүктөрүнүн олуттуу көбөйүшү жана мал чарба тармагынын туруктуу кеңейиши өбөлгө болгон. өлкөнүн агрардык секторунун башкы өзөгү – дан чарбачылыгы. Айрыкча түндүк жана борбордук аймактарда буудай, арпа жана сулу сыяктуу стратегиялык өсүмдүктөр кең аянттарда өстүрүлөт. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республика боюнча 26 миллион тоннага жакын дан жыйналып, анын олуттуу бөлүгү тышкы рынокторго жөнөтүлгөн. Казакстан өндүргөн жогорку сапаттагы буудай коңшу өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Афганистан, Кытай жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо негизги орунду ээлейт.

Акыркы жылдары республика май алынуучу эгиндерди өстүрүүгө жана аларды кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл бура баштады. Күн карама, рапс жана зыгыр жыйнап алуу кыйла көбөйүп, бул багыттагы заводдорго жаңы ата мекендик жана чет элдик инвестициялар тартылууда. Бул стратегиялык кадам айыл чарбасын жөн гана чийки зат экспорттоодон кошумча наркы жогору болгон даяр продукцияны сатууга багыттоого өбөлгө түзүүдө. Мал чарбачылыгы дагы өлкө экономикасынын ажырагыс жана маанилүү бөлүгү болуп саналат. Расмий маалыматтар боюнча, 2025-жылы бодо малдын саны 9 миллион башка, кой менен эчки 20 миллион башка, ал эми жылкы 4 миллион башка жакындады. Өкмөт эт өндүрүшүн көбөйтүү жана соода географиясын кеңейтүү максатында асыл тукум чарбаларды өнүктүрүүгө, тоют базасын чыңдоого жана заманбап ветеринардык кызматтарды көрсөтүүгө өзгөчө басым жасап келет.

Өзбекстан акыркы жылдары айыл чарбасын түп тамырынан бери реформалоо жана модернизациялоо боюнча Борбор Азиядагы эң жигердүү саясат жүргүзгөн мамлекеттердин бири болду. Эгер мурда республика негизинен пахта сырьёсун өндүрүүгө гана багытталган бир жактуу моно-экономикага таянса, азыр мөмө-жемиш, жашылча, жүзүмчүлүк жана багбанчылыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө артыкчылык берүүдө.Улуттук статистика агенттигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы айыл, токой жана балык чарбасынын жалпы продукциясынын көлөмү 500 триллион сумдан ашып, тармактын туруктуу өсүү динамикасы сакталган. Бул көрсөткүч жүргүзүлгөн агрардык өзгөртүүлөрдүн натыйжалуулугун айгинелейт.

Өлкөдө жыл сайын ондогон миллион тонна жашылча жана мөмө-жемиш өндүрүлөт. өзбекстандын коону, жүзүмү, өрүгү, алчасы, анары жана алмуруту Россия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары жана Европа өлкөлөрүнүн базарларында жогору бааланып, массалык түрдө сатылат. Салттуу пахта өндүрүшүндө дагы олуттуу структуралык өзгөрүүлөр ишке ашты. Акыркы жылдары бул өсүмдүк өстүрүлүүчү айдоо аянттары кыскартылып, алардын ордуна калк үчүн зарыл болгон азык-түлүк жана экспорттук бакча өсүмдүктөрү көбөйтүлдү. Бул акылга сыярлык саясат ички азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана агрардык сектордо эмгектенген фермерлердин түз кирешесин жогорулатууга багытталган. Мал чарбачылыгы дагы өсүүдө. Бодо малдын, канаттуулардын саны жана сүт өндүрүүнүн көлөмү жыл сайын көбөйүп, кайра иштетүүчү кластерлердин саны өсүүдө. өзбекстан акыркы жылдары айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана кластердик системаны киргизүү боюнча Борбор Азиядагы лидерлердин бирине айланып, кошумча наркы жогору болгон даяр өнөр жай товарларын экспорттоону арттырууда.

Өзбекстандын негизги артыкчылыгы сугат жерлеринин аянтынын көптүгү жана эмгек ресурстарынын жетиштүүлүгү. Ошол эле учурда Амударыя жана Сырдарыя дарыяларынын бассейндериндеги суу ресурстарынын тартыштыгы өлкөнүн агрардык секторунун эң негизги жана курч чакырыгы бойдон калууда.

Тажикстандын айыл чарбасы өлкөнүн табигый-географиялык шарттарына түздөн-түз көз каранды. Түздүктүү айдоо жерлеринин чектелүү экендигине карабастан, республика сугат дыйканчылыгын өнүктүрүүгө жана ар бир гектар жерди натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө маани берет.Салттуу пахта өсүмдүгү өлкөнүн негизги экспорттук багыттарынын бири бойдон калууда. Ошол эле учурда калктын керектөөсүн жабуу үчүн картошка, буудай, жашылча жана мөмө-жемиш даярдоо жыл сайын көбөйүүдө. өзгөчө өрүк, жүзүм, анар жана кургатылган мөмө-жемиштерди сыртка сатуу өлкө экономикасына жана айылдык калкка олуттуу кошумча киреше алып келет. Мал чарбачылыгы тоолуу аймактардагы калктын негизги турмуштук киреше булагы. Кой, эчки жана бодо малдын саны өсүүдө. өлкөдөгү кеңири тоолуу жайыттардын болушу бул тармакты табигый жол менен өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берет. Бирок Тажикстан үчүн эң чоң тоскоолдук – климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттери, кыртыштын эрозиясы жана сугат инфраструктурасынын жетишсиздиги болуп саналат. Түшүмдүүлүктү жана өндүрүш көлөмүн көбөйтүү максатында өлкө ирригациялык тутумдарды масштабдуу жаңылоого жана суу үнөмдөөчү заманбап технологияларды киргизүүгө аракеттенүүдө.

Түркмөнстандын айыл чарбасы толугу менен борборлоштурулган мамлекеттик пландоо жана жөнгө салуу системасынын негизинде өнүгүп келет. өлкөдө пахта жана буудай өстүрүү мамлекеттик стратегиялык приоритет болуп эсептелет. Акыркы жылдары буудай өстүрүү өлкөнүн ички азык-түлүк керектөөсүн толук камсыз кылууга, ал эми пахта багыты ата мекендик текстиль өнөр жайын арзан чийки зат менен камсыздоого багытталган. Ошол эле учурда жашылча-жемиш өндүрүү жана жеке сектордогу күнөскана чарбалары акырындык менен кеңейүүдө. Мал чарбачылыгында тарыхый жана маданий өзгөчөлүккө ээ болгон «каракөл» койлорун, төөнү жана дүйнөгө белгилүү «ахалтек» жылкыларын өстүрүү өзгөчө орунду ээлейт. Бул тармактар экономикалык мааниге гана ээ болбостон, өлкөнүн улуттук бренди катары да жогору бааланат. Аталган мамлекеттин агрардык сектору негизинен Каракум каналы жана Амударыя аркылуу келген сугат суусуна толугу менен көз каранды.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн айыл чарба секторлорунун өзүнүн табигый, ресурстук жана экономикалык артыкчылыктары бар. Казакстан – дан өндүрүү жана ири масштабдуу агроэкспорт боюнча аймактагы талашсыз лидер. Өзбекстан – мөмө-жемиш, жашылча өндүрүү жана продукцияны өнөр жайлык кайра иштетүү жагынан алдыга чыкты. Кыргызстан – экологиялык жактан таза эт, сүт, картошка жана төө буурчак өндүрүүдө өзүнүн өзгөчө ордун тапты. Тажикстан – тоолуу шарттарга ылайыкташкан багбанчылык менен сугат дыйканчылыгын айкалыштырууда. Түркмөнстан – мамлекеттик пландаштыруу аркылуу стратегиялык өсүмдүктөр болгон пахта жана буудайды өстүрүүгө басым жасап келет.

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар