Башкы беткеКоомБактарыбыз бар – багыбыз бар

Бактарыбыз бар – багыбыз бар

Бишкек шаарында негизги 2 ботаникалык бак бар. Алар өз алдынча илимий жана билим берүү багытындагы мекемелер болуп эсептелет. Бири – Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык бак. Ал  Улуттук илимдер академиясына караштуу илимий-изилдөө институту. Бул өлкөдөгү эң чоң жана негизги ботаникалык бак болуп саналат жана бир нече жашыл аймакты (филиалдарды) камтыйт: И. Ахунбаев көчөсү, 1а дарегиндеги ири аймагы негизинен сейилдөө жана илимий изилдөөлөр үчүн колдонулат. М. Горький көчөсү, 135 дарегинде дендрарий-корук жайгашкан. М. Горький көчөсү, 212 дарегинде гүл өстүрүү жана декоративдүү өсүмдүктөр лабораториясы (оранжерея) бар. Ошондой эле  – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин Ташкент көчөсү, 35/1а дарегинде жайгашкан Ботаникалык багы бар. Негизинен студенттердин тажрыйба топтоосу, илимий иштери үчүн окуу-көмөкчү база катары кызмат кылат.

Жашыл аймактар шаардын “жүрөгү” жана “өпкөсү”

Бул ботаникалык бактардын шаар жана шаардыктардын турмушундагы орду айтып түгөнгүс. Эмнеге дегенде заманбап урбанизация доорунда чоң шаарлардын жашоосун таза абасыз, жашыл аймактарсыз элестетүү мүмкүн эмес. Бишкек шаары өзүнүн жашыл бак-дарактары менен белгилүү болсо, анын жүрөгү жана негизги «өпкөсү» — шаардагы ботаникалык бактар. Мына ушул өңүттөн алганда, Бишкектеги Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык бак жана Ж. Баласагын атындагы КУУнун Ботаникалык багы жөн гана миңдеген түрдүү бак-дарактардын түрү топтолгон жер эмес, алар өлкөнүн баалуу илимий, экологиялык жана маданий мурасы.

Акыркы жылдарда мына ушул аймактар таштандыга толуп, сугат системасы бузулуп, куурап баратканы боюнча коомчулукта чоң сын-пикирлер айтылгандан кийин бир топ олуттуу жылыштар жана масштабдуу масштабдуу иштер башталды. Учурда, Ахунбаев көчөсүндөгү негизги аймакта масштабдуу реконструкция иштери активдүү жүргүзүлүп жатат. Аймак таштандылардан, куураган бадалдардан жана ашыкча жапайы бак-дарактардан тазаланды. Бактын Горький көчөсүндөгү бөлүгүндө иштебей калган 6 теплица толугу менен калыбына келтирилип, жергиликтүү климатка ылайыктуу көчөттөрдү өстүрүүчү база катары даярдалды.

Бактын өзгөчө корголуучу табигый аймак статусу сакталып калды. Эми бул жерлерге эч кандай жеке имараттар же турак үйлөр курулбайт жана курулат деген коркунуч болбойт. Эң башкысы, сугат системасын, тосмолорду толук оңдоо үчүн финансылык каражаттар бөлүнүп жатат. Бул эмне үчүн маанилүү?

Шаардыктардын жана шаар меймандарынын эсинде чыгар, Бишкектин акыркы жылдарда кыш айларындагы эң чоң көйгөйлөрүнүн бири ыш менен абанын булганышы болбоду беле. Мына ушундай экологиялык шартта ботаникалык бактардын экологиялык ролу жүз эсе жогорулайт. Ондогон гектарды ээлеген жашыл аймак шаардагы көмүр кычкыл газын сиңирип, абаны кычкылтек менен байытуучу башкы фильтр кызмат аткарат.

Жайдын аптаптуу күндөрүндө бактардын көлөкөсү жана өсүмдүктөрдүн нымдуулукту бөлүп чыгаруусу айланадагы температураны бир нече градуска төмөндөтүп, шаар тургундарына салкындык тартуулайт.

Калың өскөн бак-дарактар транспорттун ызы-чуусун жана көчөдөн көтөрүлгөн чаңды кармап калуучу табигый тосмо болуп кызмат аткарат.

Арийне, ботаникалык бактар эң биринчи кезекте илимий-изилдөө институттары. Бул жерде дүйнөнүн төрт бурчунан чогултулган миңдеген бак-дарактын, өсүмдүктөрдүн түрлөрү өстүрүлөт жана изилденет. Кыргызстандын жана башка аймактардын сейрек кездешүүчү, жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүктөрү ушул жерде сакталып, көбөйтүлөт. Бишкектин көчөлөрүнө, сейил бактарына отургузулган көптөгөн кооз дарактар менен гүлдөр алгач ушул ботаникалык бактардын лабораторияларында, оранжереяларында сыноодон өтүп, жергиликтүү климатка ылайыкташтырылат.

КУУнун ботаникалык багы жана Гареев атындагы институт студенттер, жаш биологдор жана экологдор үчүн эң башкы практикалык аянтча болуп саналат. Мында келечекке из калтыра турган илимий ачылыштар жасалат.

Ботаникалык бак – сейил багы

Азыркы шаар турмушунун динамикасы, жумуштагы стресс жана ызы-чуу адамды тез чарчатат. Ызы-чуулуу шаар турмушунан тажап, жаратылыштын тынчтыгына бөлөнгүңүз келгенде, Бишкекте бир гана өзгөчө дарек бар — ал Э. Гареев атындагы Ботаникалык бак. Бул бак борбор калаабыздын таза аба менен дем алып турган чыныгы «жашыл өпкөсү» жана миңдеген адамдардын жан дүйнөсүнө бейпилдик тартуулаган сыйкырдуу жайы. Мында табият менен бетме-бет жолугасың, жаныңа тынчтык табасың.

Кадимки сейил бактардан (парктардан) айырмаланып, ботаникалык бактарда ызы-чуулуу аттракциондор, катуу жаңырган музыка жана соода түйүндөрү жок. Бул жерде адамдар канаттуулардын үнүн угуп, табияттын жымыңдаган кооздугуна суктана алышат.

Жазында гүлдөгөн магнолиялар менен сирендер (сирень), күзүндө алтын түскө боёлгон дендрарий шаардыктарга өзгөчө эстетикалык ырахат тартуулап, чыгармачыл адамдарга (акындарга, сүрөтчүлөргө) шык берет.

Ботаникалык бак жана келечек

Соңку кездерде Ботаникалык бактын айланасындагы коомдук демилгелер, жашылдандыруу жана аны сактап калуу аракеттери бул уникалдуу жашыл аймакка жаңы дем берип, анын шаар жашоосундагы маанисин ого бетер арттырды.

Шаар өскөн сайын, жаңы имараттар курулган сайын бул жашыл аймактарды көздүн карегиндей сактоо зарылчылыгы өсүүдө.

Ботаникалык бактарды коргоо, аларды колдоо жана илимий потенциалын өнүктүрүү ар бир шаар тургунунун жана мамлекеттин башкы милдети. Бул жашыл мурас Бишкектин экологиялык коопсуздугунун жана кийинки муундардын дени сак жашоосунун кепилдиги болуп кала бермекчи.

Тилекке каршы, акыркы жылдары Ботаникалык бактын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири — жай айларында кургакчылыктан улам өсүмдүктөрдүн куурап калуу коркунучу болууда.

Бул багытта чоң каналдарды, арыктарды тазалоо жана оңдоо иштерине мэриянын атайын техникалары жана жумушчулары тартылып турат. Шаардык кызматтар бактын аймагын кошумча жер астындагы суу менен камсыз кылуу үчүн жаңы кудуктарды (скважиналарды) казууга жана аларды суу насостору менен жабдууга көмөктөшүүдө.

Бактын аймагы абдан чоң (жалпысынан 150 гектардан ашык) болгондуктан, илимий кызматкерлердин күчү менен гана аны таза кармоо мүмкүн эмес. Мэрия үзгүлтүксүз түрдө шаардык ишембиликтерди уюштуруп, куураган дарактарды кесүү, таштандыларды тазалоо жана бак-дарактарды зыянкечтерге каршы дарылоо иштерине көмөктөшөт. «Тазалык» ишканасы чогулган тонналаган таштандыларды жана кургак шактарды ташып чыгат.

Мындан тышкары, бактын тегерегиндеги тосмолорду оңдоо, кирүүчү дарбазаларды жана шаардыктар сейилдеген аймактарды иретке келтирүү боюнча биргелешкен долбоорлор каралууда.

Мэриянын «Бишкекжашылдандыруучарбасы» ишканасы шаар көчөлөрүнө отургузула турган дарактардын, бадалдардын жана гүлдөрдүн түрлөрүн тандоодо Ботаникалык бактын илимий кызматкерлеринин кеңешин алат. Бактын питомниктеринен өстүрүлгөн көчөттөр шаардын сейил бактарына отургузулат.

Мэрия Ботаникалык бакты шаардыктар үчүн коопсуз, таза жана ошол эле учурда анын илимий маңызын бузбай турган деңгээлде сактоого аракет кылууда. Акыркы жылдары бул аймакты «Эко-парк» форматында өнүктүрүү, б.а. заманбап экологиялык сейилдөө жолдорун куруу боюнча да пландар талкууланып келет.

Жогоруда белгилеп кеткенибиздей, И. Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан бул илимий лаборатория ачык асман алдында дүйнөнүн төрт бурчунан чогултулган миңдеген өсүмдүктөрдүн түрлөрүн камтыйт. Түндүк Американын ийне жалбырактууларынан тартып, Азиянын сейрек кездешүүчү бак-дарактарына чейин ушул жерден кезиктирүүгө болот.

Ботаникалык бактын узун аллеялары менен басып баратып, канаттуулардын сайраганын угуу — шаар ичиндеги эң мыкты терапия. Бул жер — китеп окууну, сүрөт тартууну, йога менен алектенүүнү же жөн гана ойго батууну каалагандар үчүн идеалдуу баш паанек.

Экомаданият же ботаникалык бактын кайра жаралуусу

Бүгүнкү күндө Ботаникалык бак илимий борбор болуу менен бирге, Бишкектин экологиялык маданиятынын очогуна айланды. Шаардык активисттер, волонтерлор жана илимпоздор биргеликте бакты тазалоо, сугат системаларын калыбына келтирүү жана сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү сактап калуу боюнча активдүү иш алып барышууда.

Мындай демилгелер коомду бириктирип, ар бир шаар тургунунда жаратылышка болгон камкордук сезимин ойготууда.

Ботаникалык бак бизге жаратылыш менен гармонияда жашоону, ар бир жашыл жалбыракты баалоону үйрөтөт.

Борбордук Азиядагы эң ири бактардын бири болгон бул уникалдуу илимий-изилдөө борбору акыркы мезгилде өзүнүн тарыхындагы эң чоң өзгөрүү жана жаңылануу доорун баштан кечирүүдө. Учурда шаардын Башкы план-2050 концепциясына ылайык, бул бактын илимий изилдөөлөрү Бишкекти туура жашылдандырууда негизги багыт катары колдонулууда.

Акыркы жылдары Ботаникалык бактын кароосуз калгандыгы, коопсуздук маселелери жана сугат тутумунун эскиргени коомчулукта көп талкууланып келген. Бирок бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлде чечкиндүү кадамдар ташталып, бакчаны толук калыбына келтирүү жана модернизациялоо үчүн ири долбоор бекитилди.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

 

 

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар