Башкы беткеМаданиятЧолпон-Атада Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт

Чолпон-Атада Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт

27–28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында  Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстанга Өзбекстандан искусство жана маданият тармагынын 200гө жакын өкүлүнөн турган чыгармачыл делегация келет. Эки күн бою Ысык-Көлдүн тургундары жана коноктору белгилүү ырчылардын, музыкалык жана бий жамааттарынын концерттик программаларына күбө болушат.

Маданият күндөрүнө Өзбекстандын эл артисттери Фаррух Закиров, Озодбек Назарбеков, Камолиддин Уринбаев, Айгүл Надирова жана Зулайхо Бойхонова катышат.

Мындан тышкары, көрүүчүлөргө “Навбахор” жана “Тумор” бий ансамблдеринин өнөрү, ошондой эле Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестринин концерттик программасы сунушталат.

Маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы 27-июлда саат 19:00дө Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда өтөт.

Жабылуу аземи 28-июлда саат 19:00дө Бостери айылындагы “Дордой Номад” аренасында уюштурулат.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, маданият күндөрү кыргыз-өзбек маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого, эки элдин достугун бекемдөөгө жана эки өлкөнүн бай маданий мурасын кеңири таанытууга өбөлгө түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар