Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖергиликтүү жүн экспорттолбой, Кыргызстанда кайра иштетилет

Жергиликтүү жүн экспорттолбой, Кыргызстанда кайра иштетилет

24-июлда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Бишкек шаарындагы “Wool KG” жүн иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкана жергиликтүү жүндү кабыл алып, жууп, кайра иштетип, тарак жүнүн өндүрүү менен алектенет. Учурда өндүрүштү кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө ишкана Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарындагы фермерлерден жана даярдоочулардан жылына 400 тоннага жакын жүн сатып алып, 71 адамды туруктуу жумуш менен камсыздап келет. Өндүрүш кеңейгенден кийин дагы 50дөн ашуун жаңы жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө.

Министр Эрлист Акунбеков жүндү терең кайра иштетүүнү өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Анын айтымында, негизги максат – чийки затты сыртка чыгарбай, аны өлкө ичинде кайра иштетип, кошумча наркы жогору даяр продукцияны өндүрүүнү көбөйтүү. Бул фермерлер үчүн туруктуу рынок түзүп, жаңы жумуш орундарын ачууга жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

Министрлик мындай өндүрүш долбоорлорун мындан ары да колдоону улантарын билдирди.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар