Башкы беткеМинистрлер кабинетиУчасткалык милиция кызматкерлерине 102 жаңы кызматтык автоунаа берилди

Участкалык милиция кызматкерлерине 102 жаңы кызматтык автоунаа берилди

Ички иштер министрлигинде милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 102 жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, автоунаалар президенттин колдоосу менен милиция кызматкерлеринин мобилдүүлүгүн жогорулатуу, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтаруу, профилактикалык иштерди күчөтүү жана укук коргоо органдарынын ишинин сапатын жакшыртуу максатында берилди.

“Жаңы кызматтык унаалар участкалык инспекторлорго коомдук коопсуздукту камсыздоо, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттерин натыйжалуу аткарууга шарт түзөт”, – деп айтылат маалыматта.

Автоунааларды тапшыруу аземи Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 102 жылдыгын утурлай өткөрүлдү. Салтанатка ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары жана ИИМдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

ИИМ белгилегендей, жаңы техникалар укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга өбөлгө болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар