Башкы беткеМинистрлер кабинетиАяз Баетов жерлерди ижарага берүү, миграция жана тышкы карыз боюнча түшүндүрмө берди

Аяз Баетов жерлерди ижарага берүү, миграция жана тышкы карыз боюнча түшүндүрмө берди

Юстиция министри Аяз Баетов жерлерди узак мөөнөткө ижарага берүү, миграциялык абал жана Кытайдан алынган карыз боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, жерлерди 49 жылга ижарага берүү тартиби 1992-жылдан бери колдонулуп келет. Бирок ушул убакыт аралыгында жерди алып, эч кандай курулуш жүргүзбөй же инвестиция салбай жөн гана кармап турган учурлар аныкталган. Мындайлардын арасында чет өлкөлүктөр да, Кыргызстандын жарандары да бар.

“Ошондуктан Президент бизге тапшырма койгон: “Биринчи дароо эле 49 жылга эмес, 10 жылга берели. Инвестиция салса 25 жылга узарталы. Келишимде көрсөтүлгөн сумманы толук салса анан 49 жылга узарталы. Ушул маселени карап көргүлө” деген.

Азыр каралып жатат. Албетте жерлерибиз резина эмес. Мурдакы эле берилген жерлер жөнүндө кеп болуп жатат. Жаңы жерлер бериле турган болсо жогорудагы шарттар менен мамлекеттин гана пайдасына берилет”, – деди Баетов.


Миграция маселесине токтолгон министр чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстанга кирип-чыккан чет өлкөлүк жарандардын арасында Кытай жарандары биринчи орунда эмес экенин айтты. Анын айтымында, Кытай жарандары бул көрсөткүч боюнча бешинчи орунда турат. Алар негизинен виза менен келип, анын мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөн чыгып кетишет жана бул процесс мамлекеттик көзөмөлдө болот.

Министр Кытайдан эмгектенүүгө келген жарандардын саны салыштырмалуу көп экенин белгилеп, муну ири инвестициялык долбоорлорду, завод-фабрикаларды куруу иштери менен түшүндүрдү. Ошол эле учурда Кытайдан келген туристтердин саны көп эмес экенин айтты.

Тышкы карыз боюнча маалымат берген Аяз Баетовдун айтымында, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мезгилинде Кытай Эл Республикасынан 1 миллиард 796 миллион 853 миң 530 АКШ доллары өлчөмүндө карыз алынган.

Ал эми 2020-жылдан бери Кыргыз Республикасы Кытайдан бир да доллар жаңы карыз алган эмес. Тескерисинче, ушул убакыт ичинде 419 миллион 840 миң 537 АКШ доллары кайтарылып, учурда карыздын калдыгы 1 миллиард 377 миллион 12 миң 993 АКШ долларын түзөт. Министр бул сумма белгиленген графикке ылайык өз убагында төлөнүп жатканын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар