Кыргызстанда 27-июлга карата валюта рыногунда казак теңгеси арзандады. Ошондой эле евро, орус рубли жана кытай юанынын расмий курсу төмөндөдү. Ал эми АКШ долларынын курсу 87,45 сом бойдон өзгөрүүсүз калды.
Улуттук банктын маалыматына ылайык:
Евро – 99,54 сом (-0,24%);
Орус рубли – 1,1158 сом (-0,23%);
Казак теңгеси – 0,1838 сом (-2,18%);
Кытай юаны – 12,9097 сом (-0,05%).
Ошондой эле Улуттук банк 14-июлда быйылкы тогузунчу валюталык интервенциясын жүргүзүп, рынокко 186,4 млн доллар саткан. Жыл башынан бери сатылган валютанын жалпы көлөмү 1,47 млрд долларга жетти.



