Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуп, КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык маселесин талкуулады.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тараптар ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты, инвестициялык долбоорлорду жана “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушун алдыга жылдыруу маселелерин карашты.
Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташуусу да сөз болуп, Кытай тарап Бишкекте өтө турган ШКУ саммитин өткөрүүгө колдоо көрсөтөрүн билдирди.
Жолугушуунун соңунда министрлер Медиация боюнча эл аралык уюмду түзүү жөнүндө конвенцияга кол коюу аземине жана Кытайдын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун ишин кайра жандандыруу аземине катышты.



