2026-жылдын 20-июнунан тартып мас абалда унаа башкаргандарга карата жаза күчөтүлгөндөн кийин бир ай ичинде өлкөдө 1500дөн ашуун мас айдоочу аныкталды.
ИИМдин маалыматына ылайык, бул айдоочуларга 126 млн сомдон ашык айып пул салынган. Ал эми 2026-жылдын алты айында жалпы 9600дөн ашык мас айдоочу катталган.
Жаңы мыйзамга ылайык, мас абалда унаа башкарган айдоочу 2 жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылып, 80 миң сом айып пул төлөйт.
ИИМ айдоочуларды спирт ичимдигин колдонгондон кийин рулга отурбоого чакырды.



