Нарын облусунун милиция кызматкерлерине жаңы кызматтык автоунаалар берилди.
Нарын ОИИБдин маалыматына ылайык, Ички иштер министрлиги тарабынан бөлүнгөн “Chevrolet Tracke”r жана “Niva” үлгүсүндөгү автоунаалар аймактык ыйгарым укуктуу милиция өкүлдөрүнө тапшырылды.
Жаңы унаалар милиция кызматкерлеринин иш шартын жакшыртууга, аймактарда ыкчам кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана материалдык-техникалык базаны чыңдоого багытталган.
Нарын ОИИБдин жетекчиси Жолболду Кочконов кызматкерлерди жаңы техникалар менен куттуктап, аларды кызматтык унааларды натыйжалуу пайдаланууга чакырды.



