Башкы беткеМинистрлер кабинетиКүйүүчү май импорттоочуларга берилчү субсидиянын тартиби өзгөрүшү мүмкүн

Күйүүчү май импорттоочуларга берилчү субсидиянын тартиби өзгөрүшү мүмкүн

Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу майлардын баасын турукташтыруу жана ички рынокто тартыштыкты алдын алуу максатында импорттоочуларга мамлекеттик субсидия берүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Долбоорго ылайык, мындан ары субсидиялар темир жол аркылуу келген күйүүчү майларга гана эмес, үчүнчү өлкөлөрдөн мамлекеттик чек ара аркылуу башка транспорт түрлөрү менен ташылып келген мунай заттарына да берилет.

Бул чара күйүүчү май жеткирүүнүн альтернативдүү багыттарын кеңейтүүгө жана өлкөнүн ички рыногун туруктуу камсыздоого багытталган. Анын алкагында Кытай, Иран, Түркмөнстан, Азербайжан, Грузия жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн импорттоону жеңилдетүү каралууда.

Ошондой эле импорттолгон күйүүчү майдын эсептик сатып алуу бааларын жаңылоо сунушталууда. Ага ылайык, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир тоннасы үчүн 1100 доллар, дизель отуну үчүн 1200 доллар, ал эми автоунааларга колдонулуучу суюлтулган газ үчүн 700 доллар белгиленет. Ал эми буга чейин субсидияланган АИ-95 бензини бул тизмеден чыгарылат.

Мындан тышкары, субсидияны эсептөөдө күйүүчү майдын сатып алуу баасынан сырткары, аны Кыргызстанга жеткирүүгө кеткен транспорттук чыгымдар да эске алынат. Субсидиянын көлөмү мурдагы 20 пайыздык чектен 30 пайызга чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.

Муну менен катар импорттоочуларга коюлган талаптар күчөтүлүп, алар келишимдерди, эсеп-фактураларды, ташуу чыгымдарын жана башка ырастоочу документтерди берүүгө милдеттүү болот. Жаңы тартипке ылайык, үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген күйүүчү май боюнча субсидия алуу арыздарын Мамлекеттик бажы кызматы да кабыл алып, текшерүүгө катышат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар