Кыргызстанга каттамдарды аткарган бардык эл аралык авиакомпаниялар мындан ары учак бортунда жүргүнчүлөргө берилүүчү негизги маалыматтарды мамлекеттик тилде да жарыялоого милдеттүү.
Бул талапты Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги киргизүүдө. Ага ылайык, буга чейин англис, орус жана каттам аткарылган өлкөнүн тилинде берилген маалыматтар эми кыргыз тилинде да сөзсүз жарыяланышы абзел.
«Жаңы талап Кыргызстанга учкан чет өлкөлүк авиаташуучуларды да камтыйт. Алар авариялык-куткаруу жол-жоболору, учуу коопсуздугу, учактын учуп чыгышы жана конушу тууралуу маалыматтарды, ошондой эле башка милдеттүү билдирүүлөрдү мамлекеттик тилде берүүгө милдеттүү болот», – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, маалыматтар кыргыз тилинде толук, так жана башка тилдерде берилген билдирүүлөрдүн мазмунуна шайкеш болушу керек. Бул чара мамлекеттик тилдин макамын бекемдөөгө, жүргүнчүлөрдүн маанилүү маалыматтарды бирдей деңгээлде алуусун камсыздоого жана жарандык авиациядагы тейлөө сапатын жогорулатууга багытталган.
Бардык авиаташуучу компаниялардын жетекчилерине белгиленген талаптардын аткарылышын камсыз кылуу, мамлекеттик тилдеги расмий кулактандыруулардын тексттерин даярдоо жана жаңы талаптардын бардык каттамдарда пайдаланылышын уюштуруу тапшырылды.



