Башкы беткеЭкономикаКыргызстанда камсыздандыруу рыногу эки жылда дээрлик төрт эсеге өстү

Кыргызстанда камсыздандыруу рыногу эки жылда дээрлик төрт эсеге өстү

Кыргызстанда камсыздандыруу рыногу акыркы эки жылда олуттуу өсүшкө жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форумунда билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылга чейин өлкөдө камсыздандыруу тармагы жай өнүгүп, милдеттүү камсыздандыруу багыттары толук кандуу иштеген эмес. Реформалардан кийин рыноктун көлөмү дээрлик төрт эсеге, ал эми Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун көрсөткүчтөрү 12,5 эсеге өскөн.

Абдыжалиев белгилегендей, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму учурда классикалык камсыздандыруу, кайра камсыздандыруу, экспорттук-кредиттик жана исламдык камсыздандыруу кызматтарын көрсөтөт.

Ошондой эле уюм ОСАГО рыногунда болжол менен 35 пайыздык үлүшкө ээ болуп, турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу өлкөдөгү турак жай фондунун 30 пайызга жакынын камтып жатканын билдирди.

Мындан тышкары, компания камсыздандыруу кызматтарын санариптештирүү, онлайн форматка өткөрүү жана эл аралык кайра камсыздандыруу рыногундагы кызматташууну кеңейтүү багытында иш алып барууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар