Кыргызстанда 2026–2027-окуу жылынан тарта мектептерде 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн кийинки этабы башталат.
Агартуу министрлиги жаңы окуу жылына карата базистик окуу пландарын бекитти. Ага ылайык, 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстарда жаңыланган билим берүү программалары жана окуу-методикалык комплекстер колдонулат.
Ошондой эле 8-класстарда окуучулардын келечектеги кесибин тандоосуна багытталган профилге чейинки даярдык боюнча жумасына 2 сааттык сабактар киргизилет.
Ал эми 11 жылдык билим берүү системасында окуусун уланта турган 3, 4, 9, 10 жана 11-класстар үчүн окуу процесси учурдагы программалардын негизинде жүргүзүлөт.
2026–2027-окуу жылы өлкө боюнча 15-сентябрда башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт.
Окуучулар үчүн каникул күндөрү да бекитилди. Күзгү эс алуу — 11–15-ноябрь, кышкы каникул — 1–10-январь, жазгы эс алуу — 3–8-март, ал эми май айындагы эс алуу 1–9-май күндөрүнө туура келет.
Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн каникулдар эки жумага, 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага узартылышы мүмкүн. Кошумча эс алуу мөөнөтүн жергиликтүү билим берүү органдары аймактагы климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарга жараша аныктайт.



