Башкы беткеЭкономикаТигүүчүлөр менен маркетплейс сатуучуларын жыл аягына чейин салыктан бошотуу сунушталды

Тигүүчүлөр менен маркетплейс сатуучуларын жыл аягына чейин салыктан бошотуу сунушталды

Салык кызматы тигүү тармагындагы ишканалар жана маркетплейстер аркылуу соода кылган ишкерлер үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын жыл аягына чейин нөлгө түшүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү сунуш Министрлер Кабинетинин кароосуна жөнөтүлөт. Демилге ата мекендик бизнести колдоо жана ишкерлердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында сунушталууда.

«Учурда тигүү тармагындагы ишканалар пайдасынан 0,25 пайыз, ал эми маркетплейстер аркылуу соода кылган ишкерлер 2 пайыз бирдиктүү салык төлөшөт. Биз бул ставкаларды жыл аягына чейин нөлгө түшүрүүнү сунуштап жатабыз», — деди Ысабеков.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, учурда маркетплейстер аркылуу 30 миңге жакын ишкер соода жүргүзөт. Алардын саны жыл сайын көбөйүүдө.

Ошондой эле Ысабеков Wildberries кампаларында болгон окуялардан жабыркаган кыргызстандык ишкерлердин саны жана чыгымы такталып жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары, тигүү тармагындагы ишканаларга пайызсыз насыялар берилип жатканы, зарыл болсо ишкерлерди колдоонун башка чаралары да каралары белгиленди.

Салык кызматынын сунушу боюнча бирдиктүү салыктын нөлдүк ставкасы 1-августтан тарта колдонулушу мүмкүн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар