Бишкекте Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 26-жыйынынын алдында ЖМК жана аналитикалык борборлордун саммити өттү.
Саммитке мамлекеттик органдардын, маалымат агенттиктеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, аналитикалык борборлордун, илимий мекемелердин жана эл аралык уюмдардын 250гө жакын өкүлү катышты.
Иш-чаранын расмий камсыздандыруу өнөктөшү болгон Мамлекеттик камсыздандыруу уюму (МКУ) 180ден ашуун чет өлкөлүк делегатты камсыздандырды. Жалпы камсыздандыруу суммасы 91 миллион сомду түздү.
МКУнун маалыматына ылайык, мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чаранын камсыздандыруу боюнча расмий өнөктөшү болуу өлкөдөгү камсыздандыруу тармагына болгон ишенимдин жогору экенин жана уюмдун ишмердүүлүгүнө берилген бааны айгинелейт.



