Германиянын автоунаа өндүрүүчүсү Porsche жакынкы жылдары дагы 5 миңге жакын жумуш ордун кыскартууну пландап жатканын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, компания буга чейин 3,9 миң кызматкерди кыскартуу чечимин кабыл алган. Ошондой эле туунду ишканаларындагы дагы 500 бош кызмат жоюлат.
Компания массалык түрдө кызматкерлерди жумуштан бошотуу болбой турганын белгиледи. Кыскартуулар бош орундарды толтурбоо, мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу жана кызматкерлер менен ыктыярдуу келишимдер аркылуу ишке ашырылат.
Мындан тышкары, чыгымдарды кыскартуу максатында айлык акыны жогорулатуу убактылуу токтотулуп, майрамдык төлөмдөр азайтылат. Алыстан иштөө мүмкүнчүлүгү да айына 12 күндөн 8 күнгө чейин кыскартылат.
Басылманын маалыматына караганда, мындай чечимге Кытайдагы сатуунун төмөндөшү, АКШнын бажы тарифтери жана жаңы моделдерди чыгарууга кеткен чыгымдардын өсүшү себеп болгон. Компания 2026-жылы болжол менен 250 миң автоунаа сатууну күтүүдө. Үч жыл мурун бул көрсөткүч 320 миңди түзгөн.



