Башкы беткеКоом2027-жылдагы ажылык сапар үчүн авиакомпанияларга сынак жарыяланды

2027-жылдагы ажылык сапар үчүн авиакомпанияларга сынак жарыяланды

Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгы 2027-жылы Сауд Аравиясына ажылык сапарына бара турган жарандарды ташуу боюнча авиакомпанияларды тандоо үчүн ачык сынак жарыялады.

Муфтияттын маалыматына ылайык, документтер 2026-жылдын 27-июлунан 24-августуна чейин саат 17:00гө чейин кабыл алынат. Белгиленген мөөнөттөн кийин берилген арыздар каралбайт.

Тандоо сынагы 2026-жылдын 27-августунда саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу көчөсү, 264/3 дарегинде жайгашкан Муфтияттын жаңы кеңсесинин жыйындар залында өтөт.

Сынакка катышуунун талаптары боюнча кеңири маалыматты Муфтияттан 0778 48 61 67 жана 0708 48 61 67 телефондору аркылуу же [email protected] электрондук почтасы аркылуу алууга болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар