Башкы беткеМинистрлер кабинетиОкуучуларга 4-класстан баштап баа коюлат

Окуучуларга 4-класстан баштап баа коюлат

Кыргызстанда башталгыч класстардын окуучуларын баалоо тартиби өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык, 1–3-класстын окуучуларына мурдагыдай эле баа коюлбайт. Алардын билим жетишкендиктери сапаттык жана сыпаттык баалоо аркылуу аныкталат.

Ал эми 4-класстан тартып окуучулардын билимин баалоодо салттуу белгилер коюу системасы колдонулат.

Министрлик белгилегендей, мындай баалоо ыкмасы башталгыч класстын окуучуларынын мектепке жана окуу процессине жеңил ыңгайлашуусуна, билимге болгон кызыгуусун арттырууга жана жетишкендиктерин ар тараптуу баалоого багытталган.

Ошентип, жаңы окуу жылында да 1–3-класстын окуучуларынын ата-энелери балдарынын баасына сарсанаа болбойт. Алардын жетишкендиктери мугалимдер тарабынан сапаттык жана сыпаттык негизде бааланып, ар бир окуучунун өнүгүүсүнө өзүнчө көңүл бурулат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар