Жаңы окуу жылында мектептерде шахмат билим берүү процессине киргизиле баштайт. Агартуу министрлиги бекиткен базистик окуу планына ылайык, өлкөдөгү 500 мектепте 3-5-класстардын окуучулары үчүн шахмат боюнча атайын ийримдер ачылат.
Министрликтин маалыматына караганда, бул демилге Кыргызстанда шахматты өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган Президенттин жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Долбоорго катыша турган мектептердин акыркы тизмеси жана атайын сыноо программасы кийинчерээк бекитилет.
Жаңы демилге шахматты колдоого багытталган бир катар чаралардын уландысы болуп саналат. Алардын катарында шахматты өнүктүрүү боюнча улуттук программаны иштеп чыгуу жана мыкты спортчулар менен машыктыруучулар үчүн жыл сайын президенттик сыйлыктарды уюштуруу да каралган.
Эске салсак, июнь айынын башында Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашыруу тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Министрлер кабинети 1-сентябрга чейин өлкөдө шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча Улуттук программаны сунуштайт.
Ошондой эле «Жылдын мыкты шахматчысы» жана «Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу» деген атайын президенттик сыйлыктар уюштурулат.



