Кыргыз-өзбек бизнес-форумунда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров өлкөдө инвестициялык долбоорлорду «бирдиктүү терезе» принциби боюнча коштоп жүрө турган «АИС Инвестициялар» мамлекеттик санариптик платформасы ишке киргизилүүгө даярдалып жатканын билдирди. Жаңы система инвесторлор менен мамлекеттик органдарды бирдиктүү санариптик мейкиндикте бириктирип, долбоорлорду бардык этаптарда коштоого мүмкүндүк берет.
Учурда өлкөдө жасалма интеллекттин негизинде дүйнөнүн 30 тилинде иштеген инвестициялык портал, AI-чат-бот жана Кыргызстандын интерактивдүү картасы жигердүү колдонулууда. Мындан сырткары, өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон «Венчурдук каржылоо жөнүндө» мыйзам IT тармагын, стартаптарды жана креативдүү индустрияны өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Мындай санариптик реформалар олуттуу экономикалык өсүш менен коштолууда. Соңку маалыматтарга караганда, өлкөнүн Ички дүң продукциясы (ИДП) тарыхта биринчи жолу 1,9 трлн сомго жетип, өсүү темпи 11 пайыздан ашты. Ал эми түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 27 пайызга өсүп, 1,3 млрд долларды түздү. Акыркы үч жылда жалпы наркы 12,4 млрд долларлык 77 инвестициялык макулдашуу жана 4,3 млрд долларлык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимдери түзүлүп, жаңы долбоорлордун жалпы инвестициялык портфели 23 млрд доллардан ашты. Улуттук агенттик мындан ары да инвесторлор үчүн ачык жана туруктуу чөйрөнү калыптандыруу багытында ишин улантат.



