Экономика жана коммерция министрлигинде Wildberries компаниясынын, тигүү жана жеңил өнөр жай ассоциацияларынын, сатуучулардын жана жүк ташуучулардын өкүлдөрү катышкан жолугушуу өттү.
Жолугушууда Россиядагы кампаларда жабыркаган товарлар үчүн компенсация төлөө, логистикалык процесстерди калыбына келтирүү, сатуучуларды колдоо жана Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Компания кайрылууларды ыкчам кароо үчүн тармактык ассоциациялар менен биргеликте координациялык штаб түзгөнүн билдирди. Ал жабыркаган товарлар үчүн компенсацияларды төлөө, төлөмдөрдү жөнгө салуу, сакталып калган товарларды алып чыгуу жана сатуучуларды колдоо иштерин координациялайт.
Өз кезегинде Экономика жана коммерция министрлиги ата мекендик ишкерлерди, анын ичинде тигүү тармагындагы ишканаларды колдоо боюнча кошумча мамлекеттик чараларды даярдап жатканын маалымдады. Алар ишкерлердин финансылык жүгүн азайтууга, жумуш орундарын сактоого, өндүрүштү жана экспорттук мүмкүнчүлүктү колдоого багытталган.
Wildberries өкүлдөрү Кыргызстан компания үчүн артыкчылыктуу рыноктордун бири бойдон каларын белгилеп, бардык бизнес-процесстер кадимки тартипте уланып жатканын билдиришти. Ошондой эле жабыр тарткан сатуучуларга алгачкы жарым-жартылай компенсациялык төлөмдөр жүргүзүлө баштаганы маалымдалды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантып, жаралган маселелерди ыкчам чечүү үчүн туруктуу диалог жүргүзүүнү макулдашышты.



