Бүгүн, 29-июлда Нарын облустук телерадиокомпаниясынын жаңы имаратынын курулушуна КР Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мезгил кутусун салып, курулушка старт берди. Иш-чарага УТРКнын башкы директору Уланбек Сатиев, облустук, шаардык бийлик өкүлдөрү, телеканалдын жамааты жана ардагерлери катышты. Облустук телерадиокомпаниянын директору Каныкей Жунусова жамаат бул күндү 33 жыл күткөнүн айтып, өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирди.
Жер төлөсү менен төрт кабат болуп салына турган заманбап имаратка Президенттин турукташтыруу фондусунан 93 миллион сом каралып, заманбап студия жана журналисттердин иш бөлмөлөрү эмеректер менен камсыздалат. Нарын облусундагы жалгыз телевидение 1952-жылы курулуп, курулганына 74 жыл болгон авариялык абалдагы имаратта 1998-жылдан бери иштеп келген. Алгачкы берүүлөрү 1993-жылдын февралында чыккан телерадиокомпания учурда толугу менен Улуттук телерадио корпорациясынын курамында иш алып барууда.






