Европада адаттан тыш катуу ысыктан улам токой өрттөрү күчөп, байкоо жүргүзүү тарыхындагы эң оор мезгилге айланууда. Июль айынын аягына карата өрттүн кесепетинен 250 миң гектардан ашык токой күлгө айланды. Бул Люксембург мамлекетинин аянтына барабар.
Европа Биримдигинин ичинен эң көп зыян тарткан өлкө Испания болууда. Мында 200 миң гектардан ашык аянт өрттөнүп, Мадрид жана Авила аймактарынан 90 миңден ашуун тургун эвакуацияланды. Премьер-министр Педро Санчес кырдаал дагы да оорлошушу мүмкүн экенин эскертти. Португалияда да эң жогорку деңгээлдеги өрт кооптуулугу жарыяланып, аймактары олуттуу зыян тартса, Франциянын Жиронда департаментинде эң ири өрттөр катталып, 260 миңге жуук киши коопсуз жайга көчүрүлдү.
Европалык токой өрттөрү боюнча маалымат системасынын (EFFIS) кабарына караганда, жыл башынан бери аймакта 1200гө жуук өрт учуру катталган. Бул орточо жылдык көрсөткүчтөн (569 өрт) эки эсеге көп. Ошондой эле «Коперник» борборунун эсеби боюнча, өрттүн кесепетинен атмосферага 8 тоннадан ашык көмүртек газы (CO₂) бөлүнүп чыккан. Адистер жаан-чычындын аздыгынан улам кырдаал дагы начарлашы мүмкүн экенин айтып коңгуроо кагууда.



