Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда таштанды полигондорунун саны 411ден 290го чейин кыскарды

Кыргызстанда таштанды полигондорунун саны 411ден 290го чейин кыскарды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү.

Жыйынга министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышып, алты айда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, жылдын экинчи жарымына карата артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты.

Министрликтин маалыматына ылайык, отчеттук мезгилде абанын сапатын жакшыртуу боюнча жалпы наркы 60 млн АКШ долларын түзгөн долбоорлор ишке ашырылууда.

Ошондой эле утилдештирүү жыйымынан 159,3 млн сом чогултулуп, калдыктарды кайра иштетүүчү 107 ишкана каттоодон өткөн. Республикадагы таштанды полигондорунун саны 411ден 290го чейин кыскартылып, өлкө боюнча 3,5 миллиондон ашык көчөт отургузулган.

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына алты ай ичинде 173 миңден ашык турист барып, бул багыттан 19,3 млн сом киреше түшкөн.

Экологиялык көзөмөлдүн алкагында 1 180 текшерүү жүргүзүлүп, 2 902 мыйзам бузуу аныкталган. Натыйжада 65,5 млн сом өлчөмүндө айып пул жана доо коюлуп, анын 38,6 млн сому өндүрүлгөн.

Тоо-кен тармагынан мамлекеттик бюджетке 46 млрд 546,9 млн сом түшсө, лицензияларды кармап туруу үчүн төлөмдөрдөн 461,1 млн сом түшүп, жылдык план 122,85 пайызга аткарылган.

Мындан тышкары министрликтин киреше бөлүгүнө 1 млрд 908,8 млн сом түшүп, бекитилген план 428,3 пайызга ашыгы менен аткарылган. Отчеттук мезгилде 60 ченемдик укуктук актынын долбоору даярдалып, алардын 30у кабыл алынды. Ошондой эле “Электрондук бирдиктүү терезе”  маалыматтык системасы сыноо режиминде ишке киргизилди.

Коллегиянын жыйынтыгында министрликтин ишин мындан ары өркүндөтүү, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар