Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Амасья провинциясынын ишкерлери менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу соода жүгүртүүнү 5 миллиард АКШ долларына жеткирүү максатында аймактар аралык байланыштардын ролу чоң экенин белгилешти. Элчи Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныганын эске салып, түрк тарапка өлкөдөгү социалдык-экономикалык өсүш, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана бизнес үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири маалымат берди.
Түрк ишкерлери Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Жыйынтыгында тараптар B2B форматындагы жолугушууларды жана ишкердик миссияларды уюштурууну макулдашышты.
Иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн жана эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 35 жылдыгына арналган бизнес-форумдун алкагында өттү.



