Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Өзбекстандын ЖОЖдору илим жана инновация жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Өзбекстандын ЖОЖдору илим жана инновация жаатында кызматташат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форумуна катышып, билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн маанисин белгиледи.

Министрлер Кабинетинен билдиришкендей, форумга эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери, мамлекеттик органдардын, илимий жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Улан Маматканов өз сөзүндө билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтык Кыргызстан менен Өзбекстандын стратегиялык өнөктөштүгүнүн негизги багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүнүн башкы ресурсу – билим, инновация жана адам капиталы болуп саналат.

Ошондой эле ал университеттер жогорку квалификациялуу адистерди даярдоонун, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүнүн жана заманбап технологияларды жайылтуунун негизги борборлору болушу керектигин айтты.

Мындан сырткары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, биргелешкен билим берүү программаларын жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташууну чыңдоо зарылдыгына токтолду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар