Башкы беткеДүйнөBMW дүйнө жүзү боюнча 8 миң жумушчу орунду кыскартат

BMW дүйнө жүзү боюнча 8 миң жумушчу орунду кыскартат

Германиянын автогиганты BMW 2027-жылдын аягына чейин дүйнө жүзү боюнча 8 000ге жуук жумушчу орунду кыскартууну пландап жатканын кабарлады. Ишкана мажбурлап жумуштан кетирүү тажрыйбасынан качып, каалоочуларга жогорку компенсация төлөп берүү (выходное пособие) жана пенсияга же башка жумушка кеткендердин ордуна кайра жумушчу албоо жолу менен азайтууну көздөөдө.

Программа 2026-жылдын октябрь айында башталып, 2027-жылдын аягына чейин уланат. Негизги кыскартуулар өндүрүштөн сырткары, башкача айтканда администрация, изилдөө, дизайн жана башкаруу тармактарына туура келет. Эң чоң сокку Германиядагы ишканаларга, анын ичинде Мюнхендеги башкы заводго жана изилдөө борборуна (FIZ), ошондой эле Регенсбург, Дингольфинг, Лейпциг шаарларындагы заводдорго тийиши күтүлүүдө. Бул чыгымдарды азайтуу планы аркылуу компания 2028-жылдан баштап жыл сайын орто эсеп менен 1 миллиард евро үнөмдөөнү максат кылууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар