Башкы беткеДүйнөАвиация тарыхында эң узак тынымсыз учуу катталды

Авиация тарыхында эң узак тынымсыз учуу катталды

Airbus A350-1000ULR үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы сыноо учурунда жарандык авиациянын тарыхындагы эң узак тынымсыз учууну ишке ашырды. Учак Австралиянын Мельбурн шаарынан көтөрүлүп, Франциянын Тулуза шаарына 24 саат 24 мүнөттөн кийин ийгиликтүү конду.

Тынымсыз учуу учурунда аба кемеси жалпысынан 23 миң 75 чакырым аралыкты басып өттү. Маршрут Тынч океандын үстүнөн, ошондой эле Канаданын жана АКШнын аймагы аркылуу өткөн.

Бул учак Австралиянын “Qantas” авиакомпаниясынын “Project Sunrise” долбоорунун алкагында иштелип чыгууда. Долбоордун негизги максаты — Австралияны Лондон жана Нью-Йорк шаарлары менен ортомчу конуусуз түз аба каттамдары аркылуу байланыштыруу.

Өтө узак аралыкка учууга ылайыкташтыруу үчүн учакка көлөмү 20 миң литр болгон кошумча күйүүчү май багы орнотулган. Мындан тышкары, салон кеңейтилген үлгүдө жасалып, 238 жүргүнчүгө ылайыкталган. Учакта экипаж жана жүргүнчүлөр үчүн атайын эс алуу аймагы да каралган.

“Qantas” авиакомпаниясы алгачкы сериялык учактарды 2027-жылы кабыл алып, андан кийин дүйнөдөгү эң узак түз коммерциялык аба каттамдарын ишке киргизүүнү пландап жатат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар